Айбат » Чынжырдай туташ жараяндар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Чынжырдай туташ жараяндар

1Аптаптуу июль айында эларалык саясатта бир канча орчундуу окуялар болуп өттү. Жакынкы Чыгышта кырдаал дагы чыңалып, конфликттик абал курчууда. Эки жыл мурда башталган «Араб жазы» аталган ыңкылаптар түрмөгүнүн башындагы Египет менен Тунис кайрадан саясый тирешүүлөрдүн майданына айланды. Египеттеги бийликтин алмашуусу 100 миңден ашуун адам өмүрүн жалмаган Сириядагы атуулдук согуштун нугунун өзгөрүшүнө өбөлгө болду. Сирия жаңжалында Башар Асадды жан-алы калбай колдоп аткан Ирандын жаңы президенти Хасан Рухани эларалык саясатка байланыштуу алгачкы билдирүүлөрүн жасады. Иран менен Асаддын ишенимдүү союздашы «Хезболла» уюмунун Европа Биримдигиндеги банктардагы эсептери тоңдурулуп, лидерлери Батыш Европага баруу укугунан 22-июлда айрылды. Мындай жараяндар дүйнөлүк ири оюнчулардын катышуусу менен болуп, дүйнөнүн башка региондорунда, анын ичинде Борбордук Азияда да кайталанбайт деген кепилдик жок.

«Араб жазы -2»

3-июлда Египет президенти М.Мурси аскерий кутумдун акыбетинде бийлигинен ажырап, камакка түштү. Өлкөдөгү эң ири уюшумдуу «Мусулман ага-инилер» кыймылы башында турган топтун тарапкерлери мындай жагдайды жазмышка баш ийүү менен кабыл алып, муюп калган жок. Мурсинин мыйзамдуу бийлигин калыбына келтирүүнү талап кылып, мөөнөтсүз митинг, демонстрацияларды уюштурууда. Бир айга чукул аралыкта Египеттин тартип коргоо органдары жана Мурсинин каршылаштары менен болгон кагылышта «Мусулман ага-инилердин» жүздөгөн таламдаштары каза болду. Мындай зомбулук улана берсе, мындай саясый тиреш жарандык согушка айланып кетиши мүмкүн. Эң көп калктуу (85,5 миллион) бул араб мамлекетинде жарандык согуштун тутануусу өтө кейиштүү натыйжага алып барары айтпаса да түшүнүктүү. Андай жагдайда азыркы египеттик «ички териштирүүлөрдүн» апааты өлкө чегинен тышкары чыгып, бүтүндөй регионго тарайт. Биринчиден, «Мусулман ага-инилер» Палестина, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде жана бир катар мусулмандар көпчүлүктү түзгөн өлкөлөрдө иш алып барган эларалык кыймыл. Капсалаң башталса, анын мүчөлөрү ар тараптан агылып келип кандуу кармашка катышаары бышык. Уюмдун идеялык дем берүүчүсү, таасирдүү шейх Юсуф аль-Кардауи дүйнө мусулмандарын Египетке келип, мыйзамдуу бийликти алмаштырган кутумчу аскерлер менен согушуп шейит болууга чакырды. Экинчиден, континенттердин ортосунда: тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Египет геосаясатта стратегиялык жактан өтө маанилүү турумду ээлейт. Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө араб-израиль согушунун кайра жалбырттап кетпөөсү үчүн бул өлкөдөгү абалдын туруктуулугун жана алдын алуу мүмкүндүгүн камсыздоо зарыл.

Ал аңгыча 25-июлда Тунисте оппозициячыл таасирдүү саясатчы Мохаммед аль-Брахминин өлтүрүлүшүнөн улам бийликке каршы толкундоолор тутанды. Тунисте аскердин күчү, таасири Египеттегиге караганда алда канча төмөн экенин эске алганда, маселе аскерий төңкөрүшкө чейин жетпеши ыктымал. Бирок «Араб жазы» дал ушул өлкөдө башталып, жарандык активисттер бийликтин алмашышына жетишкенин да унутпоо керек.

Укуругу кыскарган «ага-инилер» жана Сирия

Египеттеги окуялар Сириядагы абалга да түздөн-түз таасирин тийгизди. Анткени Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп аткан күчтөрдүн чордонунда тургандардын бири «Мусулман ага-инилер» болчу. Сирия оппозициясына ыктап, Башар Асад менен болгон карым-катнашын үзүп таштаган Батыш мамлекеттери да ушул кыймылды негизги таяныч катары эсептеп, колдоо көрсөтүп жаткан. сириялык «Мусулман ага-инилердин» негизги демөөрчүсү Катардын Эмири Хамад бен Халифа Аль-Тани болсо өз ордун мураскор уулу Тамимге өткөрүп берди. Тамим атасынан айырмаланып, тышкы саясый авантюраларга каражат сарптоодон алыс жетекчи болчудай. Ошентип уюмдун финансылык, бийлик ресурстары менен кошо Сирия согушундагы позициясы солгундап, Асаддын көктөн издегени жерден табылып олтурат. Мунун баары кийинки мезгилдеги сириялык диктатордун оппозицияга караганда жакшы куралданган жана мыкты уюшулган армиясы Ирандын, Хезболланын колдоосу менен жетишип жаткан ийгилигинин саясында болууда. Бирок мындай адам өлүмүнүн өсүшүнө өбөлгө болгон аскерий операцияларды «ийгилик» деп атоого да ооз барбайт. Сирия алааматынын курмандыктарынын саны 100 миңден ашты…

Кан төгүүнүн күч алышы, аны коштогон гуманитардык катастрофа, Б.Асаддын кайра катуулагансыган таскагы, оппозициянын чалкештиктери жана алсыздыгы, Сирия маселеси боюнча эларалык ири оюнчулардын кайчылаш позициялары ж.б. бир канча себептер, жагдайды ого бетер чаташтырып, туңгуюкка кептеп койду. Ошондон уламбы, айтор АКШнын расмий чөйрөлөрүндө биринчи жолу Сириядагы окуяларга куралдуу кийлигишүү тууралуу сөз козголо баштады. Ирак жана Ооган согуштарынан алган сабагы артка тартып жатса да Кошмо Штаттарынын мындай сигнал жибергени Б.Асад үчүн ойлоно турган олуттуу сигнал.

Ирандын ири бурулушубу?

Египетте М.Мурсинин бийлигинин кулашына кубанууга жөнү бар дагы бир өлкө – бул Иран. Анткени, Иран Б. Асадга каржылык да, аскерий да, моралдык да жактан эбегейсиз жардам берип атат. Ошол эле мезгилде М.Мурси тышкы саясатта сириялык режимди кулатууну башкы максаттарынын бири катары кароодо. М.Ахмадинежадга караганда либералдуу деп эсептелген Хасан Руханинин жаңы президент болуп шайланса да Иранды Сирия боюнча саясаты өзгөрө коюшу күмөн. Анткени кеп саясый өнөктөштүктөн тышкары, шииттер башкарган эки өлкөнүн идеологиялык тилектештиги тууралуу да болуп жатат. Бирок Х.Рухани бийликке келгени Тегеран акыркы жылдар ичинде биринчи жолу АКШ менен алакаларды жолго коюуга карай кадам жасоого даярдыгын туюндурду. The New York Times гезити Иран бийликтери Ирак премьер-министри Нури аль-Малики аркылуу Вашингтонго Ирандын өзөктүк программаларын түзмө-түз талкуулоо ниетин билдиргенин жазып чыкты. Ошол эле мезгилде Хасан Рухани АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң жакын шериктеши болгон Израил тууралуу «Бизди коркуткудай сионисттер ким болуп калыптыр?» деген оюн айтып, Тель-Авив менен кайнаса каны кошулбасын каңкуулады.

АКШ Ирандын кызматташуу сунушуна кандай реакция берери көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Анткени айрым талдоочулар «Иран атом программасы» темасы Кошмо Штаттары үчүн региондогу геосаясый амбициясын жүзөгө ашыруу үчүн ойлоп тапкан шылтоо гана деп эсептешет. Алардын пикиринде, бул маселе Ирандын регионалдык супердержавага айлануусуна тоскоолдук кылуу үчүн маанилүү. Борбор Азия менен Жакынкы Чыгыштын чок ортосунда дагы бир таасирдүү эларалык оюнчунун өсүп чыгышы – АКШнын мунайга, газга бай бул региондо экономикалык жана аскерий позициясынын бошоңдошуна алып келээри талашсыз эмеспи.

Каирден Кыргызстанга сабак

Египет да, Тунис да, Сирия да, Иран да Кыргызстандан алыс жайгашкан, демек, ал жактагы окуялардын эпкини бизге тийбейт деп эсептөө, бери эле болгондо жеңил ойлуулук. Анткени глобалдашкан азыркы дүйнөдө «бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» деген абал түзүлүп калды. Дүйнөнүн бир бурчундагы жагдай-шарт, экинчи бурчуна кайсыл бир деңгээлде өз таасирин тийгизбей койбойт. Жакынкы Чыгыштагы окуялардын өзүн эмес, түпкү себебин ушул өңүттөн талдасак, мындай бүтүмгө келүүгө болот.

Биринчиден, Египеттеги, Тунистеги окуялардын от алышына ички факторлор менен катар эле тышкы күчтөр да себеп болду дешке негиз бар. Кеп дүйнөлүк оюнчулардын геосаясый долбоорлору тууралуу болууда. Маселен, Египеттеги саясый талаанын өзгөрүшүнө Орусия да, АКШ да, Европа Бирлиги да кызыкдар.

Орусия М.Мурсини жок эле дегенде эки себептен улам кыртышы сүйбөй турган. Биринчиси, анын Москва ачыктан-ачып колдоп жаткан Б.Асадды кулатууга шымаланып киришкени. Экинчиси, Мурсинин «Мусулман ага-инилери» Орусияда экстремисттик деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдардын катарына киргени. Өзү расмий түрдө «экстремист» деп тааныган уюмдун лидери менен кызматташуу Москва үчүн дипломатиялык ыңгайсыздыктарды жаратары айтпаса да түшүнүктүү.

Ал эми АКШ баштаган Батыш болсо Египетте ислам дөөлөттөрүн тутунган саясатчылардын бийликке келишине башынан эле ичи чыкпай келген. Бул өлкөдөгү бийликтин кулатылышын «аскерий төңкөрүш» деп атабай жатканын бир себеби, балким ушул. Экинчи жагынан, аскерий төңкөрүш катары баалай турган болсо, анда Кошмо Штаттары Египет куралдуу күчтөрү менен кызматташа албай калат. Вашингтон үчүн Суец каналын коргоо, Израилге каршы мүмкүн болгон чабуулдарды алдын алып сактануу, региондогу Сирия, Иран сыяктуу шиит өлкөлөрүнө каршы күчтүк тең салмакты камсыздоо максатында Египет армиясы менен жакшы мамиледе болуу аба-суудай керек. Бир жагынан жылына миллиарддаган доллар жардам берип турган Вашингтондон тымызын «жашыл түс» болмоюн Египет армиясынын төбөлдөрү мыйзамдуу бийликти кулатуу авантюрасына бармак эмес. Бул аргументтер Египеттеги окуяларда тышкы оюнчулардын, өзгөчө АКШнын үлүшү бар деген бүтүмгө түртөт. Бирок өз таасирин орнотуу үчүн сөзсүз конфликттик кырдаал түзүүнүн канчалык кажети бар деген суроо пайда болот? «Бөл да башкара бер» деген аксиома баарыбызга белгилүү. Конфликт учурунда коомдогу бөлүнүп-жарылуу күчөйт. Экинчиден, иретсиздикке, башаламандыкка жол ачылат. А чоң дөөлөттөр үчүн тигил же бул мамлекетте башкарууга мүмкүн болгон башаламандык түзүп, өз арбайын согуу, көзкарандысыз саясаты, өз идеологиясы бар жетекчилик менен тил табышууга караганда алда канча жеңил жана ыңгайлуу. Бирок негизги жоопкерчилик тышкы күчтөрдүн куралы болууга ошентип себеп болгон мамлекеттин өзүндө.

Кыргызстан жана Борбор Азия үчүн Египет окуяларынын сабагы мына ушунда. АКШнын аскерий базасын чыгаруу иш-аракетинин саясында окуялардын ар кандай сценарий боюнча өнүгүүсүнө даяр болушубуз шарт. Ички биримдик бекем болмоюн, регионалдык бөлүнүп-жарылуунун жиги жоголмоюн тышкы күчтөрдүн башаламандык түзүп башкаруу долбооруна дайыма сезимтал бойдон кала беребиз.

                                                                                                               Залкар ТАБЕРИКОВ



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru