Айбат » Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы сатылмабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы сатылмабы?

сот акча31-майда Жалал-Абаддагы обладминистрацияны басып алуу, стратегиялык маанидеги кан жолдун буулушуна байланыштуу кылмыш иши козголгон эле. «Ата журтчу» Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев баштаган акциянын уюштуруучуларынын ишин Жалал-Абад шаардык соту карап жаткан чагы. Бирок, бул жерде чоң мандем бар дешет билгендер. Шаардык соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Токтосун Жоробеков К.Ташиев менен жылуу мамиледе экен.
Ошондонбу, Шайырбек Токтосун Сайзилзаевичге жашыруун жолугуп, эгер актап чыгарса, ири суммадагы каражат менен «алкымын» майлоо убадасын бергени кандай? Т.Жоробеков демекчи, бул жигит «бөдөнөнүн сүтүнөн» ашепке «сеп» этип алганда: «Эгер Камчыбек Кыдыршаевич премьер-министр болсо, мен сот тармагындагы жогорку посттордун бирин ээлейм» маанисинде досторуна ымандай сырын төккөнүн уккандар бар. Мындан улам: «Шайырбек Ташиев «суудан таза, сүттөн ак» болуп чыгышы толук ыктымал» деген божомолго кантип ишенбей коесун? Албетте, Токтосун мырзанын амири менен… Ушул сыяктуу маалымат “Вечерний Бишкек” сайтында да жазылган.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru