Айбат » Ташиев, Мамытов, Жапаровдор депутаттык мандаттарынан ажырайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ташиев, Мамытов, Жапаровдор депутаттык мандаттарынан ажырайт

мандат

“Ата Журттун” үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата Жогорку соттун өкүмү чыкты. Ага ылайык, Бишкек шаардык сотунун өкүмү жокко чыгарылып, биринчи инстанциянын чечими күчүндө калтырылды. Бирок депутаттардын камакта болуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, алар эркиндикте эле калмай болушту.

Боршайкомдун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, үч депутат мандаттарынан ажыратылат. Мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрү мурда соттолбогон болушу керек, ошондуктан 30 күндүн ичинде БШК кезексиз жыйынга чогулуп, бул депутаттарды мандаттарынан ажыратуу боюнча маселени чечиши керек.

Жогорку Сот өкүмүн окуду. Депутаттар мандатынан ажырайбы?

Өткөн жылдын 3-октябрындагы окуяга байланыштуу Жогорку Сот отуруму 6-августта аяктады. Айыпталуучулардын жактоочулары буга чейин эки жолу сот процессин үзгүлтүккө учуратып, мында дагы башкы фигурант болгон Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов «ооруп калдым» шылтоосун айтып отурумга келбей койду. Мындан улам, айыпталуучулар процессти башка күнгө жылдырууну өтүндү эле, соттук коллегия мыйзамга таянып, мамлекеттик жактоочуларды бекитип, ишти улантты. Натыйжада К.Ташиев менен Садыр Жапаров 1 жыл 5 ай, Талант Мамытов жана жактоочулар 1 жылга эркинен ажыратылды. Бирок, жаза мөөнөтү аяктагандыктан алар камакка алынышкан жок.

ТашиевИшке төрагалык кылган Жакыпбек Абдрахмановдун айтымында, «ата журтчуларга» тагылган айып тастыкталган. «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 30-беренесинин 3-4-5-бөлүмү, 28-беренеси жана 295-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, Кылмыш-Жаза кодексинин 56-беренесин колдонуу менен Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге 1 жыл 5 ай жазасы белгиленсин. Жазаларын күчөтүлгөн түзөтүү абагында өтөө белгиленсин. Жапаров жана Ташиев жазасын өтөп бүткөнүнө байланыштуу жаза өтөөдөн бошотулушсун» дейт АбдрахмановСөзүн андан ары улаган төрага Биринчи Май райондук соту тарабынан Ташиевдин үч жансакчысына берген 1 жылдык жаза мөөнөтү күчүндө калтырылганын, бирок, жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу эркиндикте калышарын баса белгиледи.

Бул өкүм өтө «жумшак» болуп калганын мамлекеттик айыптоочу Кумар Токтакуновдун кебинен улам байкалат. Мамлекеттик айыптоочу эки сунуш келтирип, шаардык соттун да, райондук соттун да өкүмүн жокко чыгарып, белгиленген беренелер боюнча жаза берүүнү суранганына токтолгон К.Токтакунов сот өтүнүчтү жарым жартылай канааттандырганын билдирди. «Эки сунуш келтирип, белгиленген беренелер боюнча жаза берүүнү сураганбыз. Райондук сот жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 ай деп берсе, Жогорку Сот 1 жыл 5 ай кылып өкүм чыгарды. Ошондуктан биздин сунуш жарым-жартылай канааттандырылды. Бирок канчалык деңгээлде жарым-жартылай экенин соттун актысын алгандан кийин толук айтууга мүмкүн болот, азырынча биз соттун корутунду бөлүгүн гана алдык. Ошол эле учурда Жазык процессуалдык кодексинин 383-беренесине ылайык, көзөмөл инстанцияда чечүүчү чечим кабыл алынды» дейт ал.

Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренесинин негизинде соттолгон жаран 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы талапка ылайык. Бирок, көзкарандысыз эксперттер Жогорку Сот саясый кырдаалды эске алып, ушундай «жумшак» өкүм чыгарганын айтышууда. «Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы мындай пикирди колдогону бар.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru