Айбат » Сентябрда чечилет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Сентябрда чечилет

сентябрь

«Кумтөр» алтын кенин шылтоолоп митинг өткөрүп, анын аркасы менен бийликти күч менен басып алуу чакырыгын таштаганын бүткүл дүйнө көрсө дагы Камчыбек Кыдыршаевич каратып туруп таңып, Чыңгызхандын чыныгы «шакирти» эмес экендигин далилдеди. Бишкек шаардык соту чечим окуурдун алдында ОБОНчу отрядын сот залына кас катар тиздирип, Ош-Бишкек жолун тостуруп, Жалал-Абад облимаратын бастырып, «элдик губернатор» шайлатуу аркылуу сотко кысым көрсөткөнүнө жамы журт күбө. Көрсөтүлгөн кысымданбы же маалымат каражаттары жазгандай, 300 миң доллар алганына ыраазы болушупбу, айтор, Бишкек шаардык сотунун эки судьясы «ата журтчуларды» толук актап жиберген болчу. Акталганына сүйүнгөнүнөн калпагын көккө ыргыткан Ташиев, Жапаров, Мамытов жана алардын таламдаштары Кыргызстанда сот адилеттиги орногонун жарыялашкан. Ал эми Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарганы баштапкы оюнан кайтышып, Жогорку Соттун коллегиясын бир тараптуу каралай башташты. Эгер Жогорку Сот аларды актап коюшканда эмне дешээр эле?

Кандай болгон күндө да Жогорку Соттун өкүмү – акыркы өкүм, ал даттанууга жатпайт, сөзсүз түрдө аткарылышы керек. Мындай шартта депутаттар мандатынан ажыратыларын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча, депутаттар соттолду деген «жарлык» тагынганда мандатынан айрылат. «Депутаттар соттолбошу керек. Эгер соттолсо, алар мандатынан ажыратылат. Мыйзам боюнча, 30 күндүн аралыгында БорШайКом кезексиз жыйынга чогулуп, «Ата мекен» фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду мандатынан ажыратуу маселесин карайт» деген Туйгунаалы мырза эл өкүлдөрүнүн тагдырына эмки айдын башында чекит коюларын кыйытты.

«Ата журттун» тыңчыкмалары Жогорку Соттун өкүмүнө чычалап, адатынча ОБОНчу аялдарды, тууган-туушкандарын көчөгө жетелеп, митинг-пикеттерди уюштуруп, керек болсо Ак үйгө чабуул жасашы ыктымал. Муну менен алар мыйзамды сыйлабай тургандыгын, жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекетти калчоодон да кайра тартпастыгын ырасташат эмеспи. Кыргызстаныбыздын бүтүндүгүнөн дагы керт башынын кызыкчылыгын жогору койгон, бийликке, байлыкка жетиш үчүн мамлекетибизди садага чабуудан кайра тартпаган саясатчыларга, Адахан Мадумаров айтмакчы, саясатчы сөрөйлөргө, лидерчалыштарды карапайым калк колдобой, аларды сүрүп чыгары калетсиз. Анткени, бүгүнкү күндө элдин аң-сезими өсүп жетилген, кимдин ким экенин так ажырата билишет…

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru