Айбат » Жалал-Абаддагы имаратты басып алгандардын ишиндеги актоочу менен айыптоочу бир тууган болуп чыкты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жалал-Абаддагы имаратты басып алгандардын ишиндеги актоочу менен айыптоочу бир тууган болуп чыкты

досЖалал-Абаддагы атайын өкүлчүлүктүн имаратын басып алуу боюнча кылмыш ишиндеги актоочу менен айыптоочу бир туугандар болуп чыкты. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинин кабарчысы билдирди. Бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму кайрадан жылдырылды.
Бул иш боюнча өзүн өзү элдик губернатор атаган Медер Үсөнов, анын тарапкерлери Жеңиш Токторбаев, Абсаттар Сыргабаев жана Шайырбек Ташиевдер айыпталууда. 8-июль күндөгү сот отурумунда Судья Аатакулов менен айыпталуучулар бир айылдан болуп чыкканына байланыштуу, бул нерсе соттук чечимге терс таасирин тийгизерин айтып, башка судьяга алмаштырылган эле, аны менен катар сот процесс дагы башка күнгө калтырылган болчу.
Дайындалган Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Ильязов дагы айыпталып аткан Ж.Токторбаевдин тууганы болуп чыгып, бул судья дагы алмаштырылган.
Андан соң бул процессти алып бару судья Т.Жоробековго тапшырылган эле. Эми болсо мамлекеттик айыптоочу Мирлан Кожоакматов менен айыпталуучулардын биринин актоочусу Темирлан Кожоакматов бир туугандар болуп чыкты.
Сот бул нерсе ишенбөөчүлүктү пйда кыларын айтып, прокурорду алмаштыруу чечимин кабыл алды. Жаңы айыптоочу 10 күндүн ичинде дайындалат.
Эске салсак, 2013-жылдын 4-июнунда Медер Үсөновго 2013-жылдын 31-майындагы Жалал-Абад облусундагы окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыз кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана кармап туруу) жана 297-беренеси менен (Конституциялык түзүлүштү уратууга чакырык жасаган) айып тагылган.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru