Айбат » Эң бай адамдардын бири Н.Түлеевди советтик мезгилде атып салышмак

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Эң бай адамдардын бири Н.Түлеевди советтик мезгилде атып салышмак

ТүлеевНариман Түлеев кантип байыды?

Биздин өлкөдө ашыкча байып кеткен адам сөзсүз түрдө мыйзамсыз иштерге барып, байлык чогулткандары эч кимге деле жашыруун болбой калды. Мисалы, Америкада жеке ишкерликти ар тараптан колдоп турушат жана бизнесин туура алып барган адам жөпжөнөкөй эле миллиардер болуп кетиши ыктымал.
Кыргызстанда азырынча өнүгүүнүн мындай деңгээлине жете элекпиз жана жөнөкөй жарандын жеке бизнеси өтө деле жыргатып ийген киреше алып келбейт. Ал эми ашкере байыгандар адатта саясий мамлекеттик кызматта отуруп алышып, мыйзамдарды бузуп, же өз пайдасына иштетип, ар түрдүү коррупциялык схемалардын жардамы менен эбегейсиз капитал топтоп алышат. Ал эми Кыргызстандын жөнөкөй жарандарына болсо үч уктаса да мындай байлык түшүнө кирбейт.
Борбор калаабыздын мурунку мэри, “Ата Журттун” депутаты, учурда камактагы Нариман Түлеевди ушундай ишкер бай адам катары мисалга келтирсек болот. Түлеевди эң эле узак мөөнөткө кесип жиберишти деп эсептегендерге (мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратуу) төмөнкү маалыматты билип алуу пайдалуу болоор.
Нариман Тюлеев өзүнүн эмгек жолун Нарын ПМКсынын мастери болуп 1986-жылы баштаган. Ал эми 90-жылдары болсо Союз таркап, Тюлеевдин “акча жасамай” өнөрү ачылган. “Кубанычбек” акционердик коому жана жасалма “Жылдыз” ишканаларынын башчысы болуп туруп, ал түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдарды Кытайга ташуу менен алектенген. Жүктү коштоп бараткан бажы документтерин жасалгалоо жана калп ишкерлик менен алектенүүгө тиешеси болгон. Ал өзү деле маектеринин биринде ошол убакта өзүнүн алгачкы 100 млн долларын тапканын айтканы бар.
2001-жылы Тюлеев “Темир” ишканасында инженер жана директордун орун басары, кийин гендиректор болуп иштеп, багы ачылган. 2005-жылы “Кыргыз Темир Жолунун” жетекчиси болуп барып, ошондо өзүнүн коррупциялык таланттарына кенен жол ачып берген. Ошол кезде аталган ишкананын коллективи аны коррупцияга тиешелүү деп ачык эле айыптап, чыныгы адистердин ордуна өз кишилерин алып келгенин айтып чыгышкан. Бул боюнча бир нече нааразылык акциялары уюштурулуп, айрымдары өзүн өрттөөгө бара тургандыктарын айтышкан.Тюлеев кадрларды алмаштырып, поезддерди коштоочу проводниктер “отметка” кылып туруш үчүн коррупциялык схемаларды жолго коюу максатында жетекчилик кызматтарга өзүнүн адамдарын койгон.
Тюлеев ишкер гана эмес, криминалга да жакындыгы бар деп айтып жүрүшөт. КТРдин журналисти Кайрат Биримкуловду кимдир бирөөлөр сабап, ал Швейцарияга качып чыгууга мажбур болгон. Биримкулов өзү ага болгон кол салууну “Кыргыз Темир Жолундагы” коррупция тууралуу сюжет тартканы менен байланыштырган жана бул окуянын артында Тюлеев турганын айткан.
Тюлеев мырза ошондой эле мурунку бийликтегилердин айткан сөзүнөн чыкпай, алардын буйругун так аткарганы менен да айырмаланган. Мисалы, 2004-жылдын 25-мартында ал экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин буйругу менен аянтка ак кепкачан бандиттерди алып келген жана элге каршы тукурган. Мурда ал Айдар Акаевдин жана Адил Тойгонбаевдин досу болсо, кийинки бийликте Максим Бакиевдин тилин тапкан. Эскерте кетсек, 2010-жылдын 10-апрелинде ал ММКларга мэрлик кызматтан өз эрки менен кетпей турган кайрылууну таркаткан. Андан кийин эски аянтта 2 миң кишинин катышуусунда өткөн митингди каржылаган. Ал митинг план боюнча башаламандыкка айланып, мамлекеттик имараттар басып алынып, Убактылуу өкмөттү кетирүү керек эле.
Түлеевдин жеке байлык топтоо тажрыйбасы Бишкек шаарына мэр болуп барганында жакшы өнүктү. Экс-мэр бардык пайда табылчу тешиктердин баарына киришчү. Ал кытай автобустары жана таштанды чыгарган унааларды алып келүүдөгү коррупциялык схемалар боюнча гана соттолду. Бирок көбү билгендей, Түлеев мэр кезинде маршруттук бусиктерди рейдерлик жол менен башка бирөөлөргө өткөрүп берүү, “Дыйкан” базарын куруу жана “Локомотив” стадионун оңдоп-түзөөдө бюджеттик каражаттарды уурдоо, “Зеленстройдогу” коррупциялык сатып алууларды башкаруу сыяктуу ж.б. бир топ иштерди жасаган.
Чарбачыл мэрдин маскасын кийип алып, Түлеев мамлекеттин акчасын жеп, жеке өзүн байыткан. Карапайым элдин маңдай тери менен иштеп тапкан акчасынын салыгы коррупциялык жолдор аркылуу Түлеевдин чөнтөгүнө келип түшкөн десек болот. Ушундай бүтүндөй улутка жана өлкөгө каршы кылмыш жасалып атканда 11 жыл узак мөөнөт деп айтуга кантип оозубуз барып атат? Бул дагы соттун гумандуулук кылып койгону. Эсте болсо, советтик мезгилде мындай адамдарды эл душмандары деп атап, дароо атып салышчу. Ал эми Кытайда болсо башкаларга сабак болсун деп эл көзүнчө өлүм жазасына тартуу ыкмасы дагы деле иш жүзүнө ашырылууда.

Сөзүбүз супсак болбош үчүн Тюлеевдин “маңдай тери менен” тапкан оокатынын тизмесин сүрөттөрү менен сунуштап жатабыз. Бул мүлктү сот конфискациялаганын эскертели:

– Бишкек ш. Манас көчөсү №101/1, Жумабек көчөсү №203/1дарегиндеги кыймылсыз мүлк (турак жай комплекси ресторан-кафе);

– Бишкек ш. Уметалиев көчөсү №41, Токтогул №220 дарегиндеги кыймылсыз мүлк (790,3 кв.м. болгон жертөлөнүн бир бөлүгү, 96,6 кв.м. болгон жертөлөнүн бир бөлүгү, 1600,3 кв.м. болгон 1-кабаттын бир бөлүгү);

– Бишкек ш. Киевская №128 дарегиндеги кыймылсыз мүлк (соода комплекси) жана «CARAVAN» соода борбору;

– Бишкек ш. Уметалиев №41, Токтогул №220 дарегиндеги гараж №1;

– Бишкек ш. Раззаков көчөсү №7 дарегиндеги кыймылсыз мүлк;

– Бишкек ш. Коенкозов көчөсү №37 дарегиндеги кыймылсыз мүлк;

– недвижимое имущество, расположенное по адресу г.Бишкек ул.Т.Айтматова (бывшая Каширская) дом №65;

– Бишкек ш. Токтоналиев көчөсүндөгү үй;

– Бишкек ш. Эркиндик бульвары №14 кв.18 кыймылсыз мүлк;

– Ташболот Түлеевке тиешелүү Бишкек ш. Эркиндик бульвары №14 кв.2 дарегиндеги кыймылсыз мүлк;

– Бишкек ш. Уметалиев №41, Токтогул №220 дарегиндеги гараждар №8 жана №9;

– Бишкек ш. Уметалиев көчөсү №41 кв. 45 дарегиндеги кыймылсыз мүлк;

– Бишкек ш. Мусоргский көчөсүндөгү №16«А» дарегиндеги Ташболот Тюлеевке таандык кыймлсыз мүлк;

– Бишкек ш. Раззаков көчөсү №7 кв.40 дарегиндеги кыймылсыз мүлк;

– Ысык-Көл облусундагы Бает айылында жайгашкан, Зарема Эшмамбетовага тиешелүү коттедж;

– Бишкек ш. Токтогул көчөсү №86/1 кв.10 дарегиндеги, Нариман уулу Бакытка тиешелүү кыймылсыз мүлк;

– Бишкек ш. Славгородская 21 Б дарегиндеги, Нариман уулу Санжарга тиешелүү кыймылсыз мүлк.

Тюлеев Нариман Ташболотовичке тиешелүү «ГАЗ 3307», госномер B2846L унаасы;

Тюлеев Ташболотко тиешелүү:

– «ЗИЛ 5301 ЕО», госномер В8676F унаасы;

– «ГАЗ 33021», госномер В4459L унаасы;

– «Фольксваген-Джетта», госномер E6158D унаасы;

– «Тойота Прадо», госномер В7770Q унаасы;

– «Тойота Хайлэндер», госномер В2041А унаасы;

– «Тойота Лэнд крузер», госномер B5450G унаасы;

– «Тойота Лэнд крузер», госномер В4440АВ унаасы.

Түлеев Нарынбек Ташболотовичке тиешелүү:

– «ВАЗ 212130», госномер B0052M унаасы;

– «ВАЗ 21213», госномер В 2934 Т унаасы;

– «Камаз 5410», госномер В 6173 R унаасы;

– «ВАЗ 21100», госномер В 6090 О унаасы;

– «Ода 39370», госномер 1226 ВАР унаасы;

– «МА 393866», госномер 1851 ВАР унаасы;

– «МА 3938612», госномер 2299 ВАР унаасы;

– «Боро», госномер 891 ВЕ унаасы.

Ошондой эле кызы Назгүл, аялы Заремага тиешелүү унаалар, “Ак Жол” компаниядагы акциялар.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru