Айбат » Кылычбек Шакиров: «Кумтөр» башынан эле жогорку деңгээлдеги экологиялык стандарт менен иштеп келет»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экология » Кылычбек Шакиров: «Кумтөр» башынан эле жогорку деңгээлдеги экологиялык стандарт менен иштеп келет»

кумтор

- «Кумтөр» ишканасы иштеп баштагандан бери сиздер тараптан кандай экологиялык иш-чаралар (долбоорлор) жана программалар киргизилди? Алар канчалык деңгээлде ишке ашты?

– «Кумтөр» долбоору башынан тарта эле жогорку деңгээлдеги дүйнөлүк экологиялык стандарт менен иштеп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Инвесторлор тарабынан кыргыз стандарты менен коюлган өтө катуу коюлган нормалар жана белгилер чечим катары кабыл алынган. Эгерде дүйнөлүк стандарт андан да катуу боло турган болсо, анда долбоордо ошол катуу талаптагы дүйнөлүк стандарт колдонулат. Кыргыз Республикасында кабыл алынган жана дүйнөлүк практикадагы ПДВ (предельно допустимые выбросы) жана ПДС (предельно допустимые сбросы) деген түшүнүктөр «Кумтөр» долбоорунда колдонулат.

Бул стандарттардын сакталып жаткандыгын биздин көзөмөлдөөчү министрликтер жана ведомстволор өзгөчө көзөмөлгө алып турушат. Регулярдуу түрдө ага ылайык текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Муну менен бирге кайсыл гана ири ишкана болбосун катачылыктардан жана адамдык факторлордон качып кутулууга болбойт. Маал-маалы менен чоң (Барскоон дарыясына цианиддин кошулуп кетиши) жана кичи өндүрүштүк авариялар болуп турат. Мындай авариялардын таасири тез аранын ичинде кайра калыбына келтирип турат. Чоң жана кичи өндүрүштүк авариялар кыргыз тараптын өкүлдөрүнө тиешеси жок («Кумтөр Голд Компани» ЖАКсынын аткаруучу комитети 2004-жылга чейин, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын директорлор кеңеши 2004-жылдан бери, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын директорлор кеңешинин алдындагы экология жана техникалык коопсуздук боюнча атайын комитети) тараптар аркылуу дагы жогорку деңгээлдеги анализдөөлөргө, талкууларга алынып турат. Анын негизинде мындай кырдаалдардын кайра кайталанбашы үчүн чараларды көрүшөт.

Корпоративдик башкаруунун принциби экологиялык нормаларды бузу фактыларын жаап-жашыруу, же унчукпай коюуга жол бербейт. 2012-жылы С. Жапаров башында турган депутаттык комиссия, андан кийин Мамлекеттик комиссия «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖЧКсына экологиялык нормаларды сактабагандыгы боюнча белгилүү деңгээлде дооматтарды коюшту. «Центерра Голд Инк.» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖЧКсы дагы өздөрү тараптан комиссиялардын дооматтары боюнча өздөрүнүн көз караштарын билдиришти. Бул маселени чыныгы учкунун табуу үчүн «Центерра Голд Инк.» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Консультациялык кеңеш тарабынан көз карандысыз эл аралык эксперттерди тартуу чечими коюлду. Анын башында бул маселе боюнча дүйнөдөгү кадыр-барктуу «AMEC Earth & Environmental UK Ltd.» компаниясы тартылган. Мисалга, «Кыргызалтын» ААКсы дагы эл аралык практика жана технологиялык долбоорлоо жолдору жана тоолуу аймактарды эксплуатациялоо маселелери боюнча жооп алгысы келет. «Кыргызалтынды» дагы мөңгүлөр ээрип жаткан карьерлердеги иштин коопсуздугу түйшөлдүрөт. Эгерде АМЕС компаниясы мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгынын айрымдарын, же толугу менен аныктаса, анда кыргыз тарапта эл аралык арбитраждык сотко чоң ишеним менен кайрлганга мүмкүнчүлүгү болот.

- Кыргызстандын экологиясына «Кумтөрдүн» масштабдуу экологиялык коркунучу бар деген пикирлерге кандай карайсыз?

– Эл аралык жана жергиликтүү консультантардын деңгээлиндеги техникалык эсептөөлөр «масштабдуу экологиялык катастрофа» тууралуу айтканга жол бербейт. Жергиликтүү басылмаларда өтө кату талкууланып жаткан экологиялык коркунучтар, Петров көлүнүн ташып кетүүсү, анын негизинде калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бузуп кетүүсү нормалдуу эсептөөлөрдүн жана шарттарды иликтөө боюнча болушу мүмкүн эмес. Эгерде болуп кетсе да Кудай өзү сактасын глобалдуу таасирлердин алдында (метеориттин кулашы, катастрофалык жер титирөө, атом бомбасынын жаралышы өңдүү) биздин факторлордо экологиялык таасирлер деңиздин бир тамчысындай эле болуп калат.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru