Айбат » Экология деп кыйкыра бербей, экология үчүн күрөшөлү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экология » Экология деп кыйкыра бербей, экология үчүн күрөшөлү

Бүгүнкү күндө «Кумтөр» маселесин туу кылып көтөрүнүп алып, саясый айдыңда чапкылап жүрүшкөн саясатчылар өлкөбүздүн экологиясын «Кумтөр» ишканасы гана талкалап жаткандай түр көрсөткүлөрү келип, ошондой пикирди элдин аң-сезимине сиңирүү менен алек. Чындап эле ошондой болушу мүмкүнбү? Бул суроого эл аралык дагы, жергиликтүү дагы дасыккан адистер: «Жок жана жок» деген жообун берип келишет.

ала-тоо

Маселен, кыйкырчаак саясатчылардын «Кумтөр» ишканасы ага жакын сууларды булгап жатат деген дооматына токтололу. Бул дооматка жооп берүүдөн мурда, суунун сапаты кандай аныктала тургандыгына токтоло кетели. Суунун сапатын аныктоо параметрлери 40тан ашуун пунктан турат. Бул көрсөткүчтөр дагы бир нече түргө бөлүнөт. Маселен, физикалык, жалпы химиялык жана органикалык эмес көрсөткүчтөр. Суунун сапаты анын кайсыл максатта колдонула тургандыгына жараша болот. Мисалы, сугат иштери үчүн суунун курамында туз, түрдүү катиондор жана щелоч болушу керек. Кагаз өндүрүү үчүн түстүн минималдуулугу, темирдин жана органикалык заттардын суунун курамында болушу зарыл. Ал эми гидроэнергетика үчүн суунун сапаты жабдуулардын узак мөөнөткө чейин иштешин камсыздай алышы шарт.Маселен, темирлердин дат басып кетишинен, бетондордун бузулуп кетишинен сакташы керек. Ал эми белгилүү өлчөмдө мүмкүн болгон зыяндуу заттардын концентрациясы (ПДК – предельно допустимая концентрация) деген суунун курамындагы химиялык элементтер болуп эсептелет. Анын таасирлери адамдын организминде узак мөөнөткө чейин зыян тийгизбей тургандай, жана кийинки муундардын да саламаттыгына доо кетирбей тургандай болушу шарт. «Кумтөр» ишканасына дагы башка бардык эле суу колдонуучулар сыяктуу экологияга зыян келтирбөө үчүн белгилүү өлчөмдө мүмкүн болгон зыяндуу заттарды (ПДС) атмосферага кое берүүнүн нормативдери коюлган.  Агын сууларга кое бериллүүчү заттарды суу колдонуучулар ПДСтин нормативдери боюнча жасашы керек. Мындай кырдаалда суунун тазалыгын ишканадан чыккан суунун башынан ылдый бир километрге чейинки аралыкта текшерүүгө алынат. Мындай тартип 1993-жылы кабыл алынган. Бүгүнкү күндө бул тартип өзүнүн күчүн жоготуп калганына карабастан «Кумтөр» ишканасы өздөрүнүн эрки менен эле табиятты коргоо функциясын дагы деле колдоруна алып келишет. Мындан улам «Экологияны коргош керек» деп кыйкырып, бирок бир тыйынчалык пайдасын тийгизбей жаткан саясатчылар эске келет. Ошол эле учурда «Кумтөргө» асылгандар анын радиациялык күчү боюнча дагы кеңири маалымат албай эле кыйкырып чыгышууда. Радиациялык чагылуудан адам баласы качып кутула албайт. Себеби, ал жер жүзүнүн бардык аймактарында бар. Биринчи кезекте табигый радиациялык фон болот, ошол эле учурда техногендик булактардан дагы радиациялык фон жаралат. «Кумтөрдө» радиациялык фондун орточо күчү 17 мкР/саатты түзөт. Ал эми эң жогорку көрсөткүч катары 60 мкР/ саат эсептелет. «Кумтөр» ишканасынын аймагындагы радиациялык фондун күчү болгону 17 мкР/саатты түзөрүн дагы бир ирет баса белгилеп өтөлү. Кызыл-Суу радиаметрикалык станцияга жакын аймакта 25 мкР/саатты көргөзөт. Анан кайдагы радиациялык фондун жогорку көрсөткүчү тууралуу сөз кылып жатышканын түшүнүү кыйын.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru