Айбат » Ошто мушташуу учурунда премьер-министрдин жээни жаракат алгандыгы айтылууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ошто мушташуу учурунда премьер-министрдин жээни жаракат алгандыгы айтылууда

жанторо сатыбалдиевОшто машташуу учурунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жээни жаракат алды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги укук коргоо органдарынын булактарына шилтеме берип маалымдайт. Алардын билдирүүсүнө ылайык, саат 04:00дөр чамасында Сулайман-Тоонун жанындагы көңүл ачуучу комплексинде үч жаш бала жана үч кыз эс алып жатышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, аларга мас абалында беш баладан турган топ келип, уруш чыгып кеткен. Андан соң кол салган тарап бачык менен жаш балдарынын биринин оң жак санына жаракат келтирген. Андан кийин жабырланган адам – 1989-жылы туулган Талгат Расулбердиевич Сатыбалдиев өкмөт башчынын жээни болуп чыккан. Белгилей кетсек, кылмышка шектүүлөр кармалды. Аларга Ош шаарынын тургундары тарабынан жардам берилген. Алардын өздүгү аныкталууда. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык ИИБ тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми ИИМ бул маалыматты төгүндөөдө. Алардын маалыматы боюнча, төрт жаш бала шаардагы кафелердин биринде спирт ичимдиктерин иче беришип, бирок акчасын төлөөдөн баш тартышкан. Ошол маалда кафенин кызматкерлеринин бири кардарлардын бирин бычак менен бир койгон. «Бирок жабыр тарткан адам премьер-министрдин тууганы болуп эсептелбейт», – деди ИИМ басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru