Айбат » Көк-Сайдын баңгибарондору бизнесинен айрылып калуудан чочулап, абалды чайпалтууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Көк-Сайдын баңгибарондору бизнесинен айрылып калуудан чочулап, абалды чайпалтууда

Талас

5-августта өзүн коомдук активист деп атагандардын бир тобу маалымат жыйын өткөрүшүп, Кыргызстандын жери Казак тарапка өтүп кетип атат деп куру кыйкырык салышты.

Маалымат жыйын өткөргөндөрдүн бийликке койгон талаптарынын арасында жакында эле баңгизат менен кармалган Абдумалик Турсункуловду актоо талабы да жүрөт. Муну менен бул топ алардын чыныгы максаты эмне экени көөрсөтүп койгондой. Анткени, дал ушул аймакта кара куурай өстүрүшүп, муну кадыресе жумуш кылып алгандар арбын. Албетте, кара куурайдын баасы өтө кымбат. Ошол «бизнестерин» калкалап калып, «кесиптештери» Абдумалик Турсункуловду актап, ылайкасын жашыруу үчүн эчак 2008-жылы эле чечилип бүткөн чек ара маселесин көтөрүп ызы-чуу салып отурушат.

Бул чек аранын тарыхын билбегендер үчүн айта кетели. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынын делимитация иштери 1998-жылы башталып, 2001-жылы жылы аяктаган. 2008-жылы болсо Жогорку Кеңеш карап, чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн ортосундагы келишимди ратификациялап берип, атайын мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамдын экинчи пункутунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө келишим күчүнө киргенден кийин Казакстандын өкмөтүнө кайрылып эки участок – Кара-Буура районундагы Көксай айыл аймагы жана Бишкек-Торугарт айланма жолу боюнча өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү боюнча тапшырма берилген. Делимитация иштери боюнча алып караганда Көксай тилкеси Кыргызстанга кирип калган, үч бурчтук формада болуп, 4-4,5 миң гектардай жер. Казакстан Бажы союзуна киргенине байланыштуу чек арасын сөзсүз тактап чыгышы керектигин айтып, столбаларын орнотуп, демаркация иштерин баштайт. Анда жергиликтүү эл жайыттарына айланып өтүп, кыйынчылык жаралып каларын сезип, Казакстанга тиешелүү Көксай тилкесин алуу үчүн каналдын жээгиндеги Кыргызстандын жерине алмашуу чечимин кабыл алат. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, эки тарап макул болгондон кийин Көксайлык айрым жашоочулар үлүш жерлери алмашылган жерде калып калганын айтып, нааразычылык пайда болот. Мындан соң чек ара боюнча биргелешкен комиссия 2001-жылкы келишимди ордуна калтыруу чечимин кабыл алышат. Ошону менен азыркы учурда эч кандай жер Казакстан менен алмашылган эмес. Анда эмнеге куру кыйкырып салып атышат? Демек, бул топтун максаты башка экени дагы бир жолу далилденип отурат десек болчудай.

Дагы бир кызык нерсе, ызы-чуу көтөрүп аткандардын артында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков турат деген маалымат уктук. Шамал болбосо чөптүп башы кыймылдабайт дейт, укук коргоо органдары мындай нерсени иликтеп койбойбу?

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru