Айбат » Көк-Сайдан Үсөновдун кулагы тикчийип чыгабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Көк-Сайдан Үсөновдун кулагы тикчийип чыгабы?

Усенов ДаниярЭски режим тушунда “Ак жол” партиясынан куралган парламенттен ратификациядан өтүп, качкын президент Курманбек Бакиев кол койгон кыргыз-казак чек арасы боюнча келишим бар. Ошого карабастан, айрым саясатчылар Талас облусундагы Көк-Сай айылынын айрым тургундарын көкүтүп, Жамбылга кеткен каналды бууганы маалым. Бул окуянын көмүскөдөгү “дирижерлору” катары айрым оппозиция лидерлери аталып келсе, эми алардын катарына Кыргызстандын байлыгын сүлүк курттай соруп, ашынган олигархка айланган бойдон безе качкан экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун кулагы тикчийип чыкты.

“Кантип эле?” деп таң калып жатырсызбы? Таң калбаска арга жок. Анткени, маалымат каражаттары жазгандай, Данияр Токтогул уулунан оңбогондой акча алып, бийликти күч менен тартып алмакчымын деп чамынган “Элдик фронт” кыймылынын лидери Абдумалик Мырзаев Таласка барып, Көк-Сай “гейттин” уюштуруучулары менен жолугуп, аларга финансылык колдоо көрсөтүү убадасын берип кайтканы каңкууланууда. Үсөновдон буйрук болмоюнча ажаатканага да басып барбаган Мырзаев чет жактагы кожоюну ымдаган соң ушундай кадамга барганын боолгоолош иттен оңой эмеспи? Мындай шартта Көк-Сай окуясынын башкы уюштуруучусу Данияр Үсөнов болуп калабы? Деги абайлайлычы…



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru