Айбат » «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызматкери колго түштү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызматкери колго түштү

ЖД

Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан, Кыргызстан аркылуу Орусияга алынып бара жаткан, ооган өндүрүмүндөгү героин табылды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, опер кызматкерлер баңги заттарын мыйзамсыз айландырууга катышы бар Кыргызстандын жараны тууралуу маалыматты алышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, кечээ, 7-августта саат 01:00дө Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунан «Кыргыз темир жолу Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканансынын жол коштоочусу 1971-жылы туулган Б.А. кармалды. Ал алып жүргөн пакет баштыгын текешрүүгө алганда, ичинен скотч менен оролгон 8 таңым «героин» баңги затын табышкан. Анын жалпы салмагы 7 килограмм 941 граммды түзгөн. Алынган баңги затын, кармалган адам Орусияга жөнөтмөк экендиги аныкталды. Көрсөтүлгөн факты боюнча Баңги заттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында бардык тийиштүү ыкчам-тергөө саралары көрүлүп жатат.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru