Айбат » Кыргыз чиновниктеринин жана туугандарынын байлыктары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Кыргыз чиновниктеринин жана туугандарынын байлыктары

Карикатура о доходах чиновниковКирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияларды тапшыруу тартиби бекитилип ага ылайык, тийиштүү токтомго премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон.  Аталган документ «КРнын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүгө даярдык жөнүндө» мыйзамдын 10-беренесине ылайык кабыл алынды. Бул токтом менен, кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларация формасы жана кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби бекитилди. Ошондой эле, документ менен, «КРнын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүгө даярдык жөнүндө» мыйзамдын декларациялык иш-чараны ЖМКларда чагылдыруу бөлүгүндөгү жоболорду ишке ашыруу механизмин камсыздаган, жоопкер министрликтер аныкталып, токтомдо кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациялардын бланкаларын жана Реестрлерин даярдоо, сактоо жана жок кылуу маселелери каралган. Муну менен бирге эле, бирдиктүү декларациялык төлөмдөрдүн мамлекеттик бюджеттин пайдасына кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу банк болуп «РСК Банк» ААК саналат. Белгилей кетсек, аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып колдонулат.

Жантөрө Сатыбалдиев

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өткөн жылы 812 миң 720 сом киреше тапкан. Декларацияга ылайык, 87 кв. метрлик батири бар. Кыймылсыз мүлк жана айыл-чарбалык капиталдарынан эч кандай көрсөтүлгн эмес. 2012-жылы башкандын жубайы 1 млн. 8 миң 540 сом киреше табууга жетишкен. 172 кв. метрлик үйү, 200 кв. метрлик батири жана 13, 5 кв. метрлик унаатоктотуучу жайы бар.  2005-жылкы «Тойота-Прадо» жана  «Тойота-РАВ 4» 2008-жылкы автоунаасы бардыгы белгиленген.

 Феруза Жамашева

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева 540 миң 90 сом. 1996-жылкы «Фольцваген Гольф-3» үлгүсүндөгү автоунаасын декларацияда көрсөткөн.  Ал эми  Жамашеванын туугандары 2012-жылы 970 миң 225 сом киреше тапкан. 180 кв. м. жана 100 кв. метрлик эки батири бар. “Бишкекжылуулуктүйүн” АКнын, “Чыгышэлектро” АК, “Жалал-Абад” АК, “Улуттук электрдик сети” АК жана “Электрдик станция” АКнын кеминде 1 пайызга жакын үлүштөрүнө ээ.

 Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 3 млн. 326 миң 290 сом киреше тапкан.

168,63 кв. метрлик үйү, айыл-чарба багытындагы 6 миң жана 3 миң квадрат метрлик эки жери бар.

Ошондой төрага “Бий-Мырза”» ЖЧКсынын (имарат, курулуш) 47,6% үлүшүнө ээ. Ошондой эле бул аталыштагы кафе-ресторанынын 19,1% үлүшүнө ээлик кылат. Ушул эле фирманын ичиндеги мончонун 33,3% үлүшү да төрагага таандык. Жээнбеков «Алтын-Көл» пансионатынын 91,52% акциясына да ээлик кылат. Асылбек Жээнбековдун жубайы 125 миң киреше тапкан. Ошондой эле төраганын жубайы 180, 6 кв.  метрлик үйгө да ээ. 2 миң 576 кв. м. жер тилкеси,  2 миң 526 кв. м. өндүрүштүк имараты  жана курулмалары, 82 кв м. агроветдүкөнү бар.

 Гүлнара Жамгырчиева

КСДП фракциясынын депутаты Гүлнара Жамгырчиева берген декларациясына ылайык, 2012-жылы 716 686 сом иштеп тапкан. Менчик кыймылсыз мүлкү катары жалпы аянты 80 чарчы метр болгон үйүн көсөткөн. Ошондой эле “Тойота Виста” үлгүсүндөгү машинасы бар. Ал эми депутаттын туугандары документке ылайык, өткөн жылы 62 400 сом табышкан. Туугандары тууралуу башка эч кандай маалымат берген эмес.

 Турсунтай Салимов

КР Мамлекеттик кадр кызматы КСДП фракциясынын депутаты Турсунтай Салимовдун 2012-жылдагы мүлктөрү жана кирешелери тууралуу декларациясында негизги ишинен 781 миң 540 сом, кирешеден 8 млн сом тапкан. «Кыймылсыз мүлктөрү» графасында 13 миң 334 кв метр аянттагы тоо лыжа базасын көрсөткөн. Ошондой эле Т.Салимов «айыл чарба субъектилер боюнча уставдык капиталындагы мүлктөр» графасында 100% ээ болгон эки жер тилкесин, 6 бош имаратын көрсөткөн.

 Акылбек Султанов

КСДП фракциясынын депутаты Акылбек Султанов берген декларациясын ылайык, 2012-жылы 686 676 сом тапкан. Декларацияга ылайык, эл өкүлүнүн үйү да, машинасы да жок. Болгону жакын туугандарынын батири бар экени жазылган. Бирок, анын аянты белгиленген эмес.

Абдулатип Режевалиев

“Республика” фракциясынын депутаты Абдулатип Режевалиев берген декларациясына ылайык, 2012-жылы 649 259 сом тапкан. Эл өкүлү мындан башка эч бир маалымат берген эмес. Ошондой эле туугандарынын кирешеси жана кыймылсыз мүлктөрү тууралуу да маалымат жок.

Максат Сабиров

“Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров берген декларациясына ылайык, 2012-жылы 689 277 сом тапкан. Менчик кыймылсыз мүлкү катары ал жалпы аянты 187,3 чарчы метр болгон үйүн көрсөткөн. Эл өкүлүнүн расмий түрдө машинасы жок. Ошондой эле депутат туугандары тууралуу да эч кандай маалымат берген эмес.

Анвар Артыков 

Тапшырган айкындамасына ылайык, 2012-жылы “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Анвар Артыков эки берененин негизинде расмий түрдө 849 587сом жана 64 572 сом киреше тапкан. Депутат кыймылсыз мүлкү катары эки үйүн көрсөткөн. Биринин аянты 150чарчы метр, экинчисиники 313. Ошондой эле анын жалпы аянты 97,4 чарчы метр болгон батири бар экендиги аныкталган жана айкындамасында 1998-жылы чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2,0 болгон “Хюндай Соната” автоунаасын көрсөткөн. Анвар Артыковдун жакын туугандары өткөн жылы 35 200 сом киреше тапкан. Кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалымат берилген эмес.

Динара Исаева

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын  депутаты Динара Исаева өткөн жылы 864 миң 129 сом көлөмүндөгү киреше табууга жетишкен. Декларацияга ылайык, анын 253,3 кв.м. турак жайы, 128,6 кв.м. батири жана 227,5 кв. м. дачасы бар. Lexus LS 460 үлгүсүндөгү автоунаа. (кыймылдаткычынын көлөмү көрсөтүлгөн эмес) Бир туугандары жалпысынан 82 миң 500 сомдук айлык маяна алышкан. Коммерциялык мүнөздө тапкан кирешеси 122 миң 703 сомго жеткен. Андан башка булактардан 13 млн 795 миң 243 сом тапкан.  1 миң 690 кв.м жер тилкелери, 200,25 жана 389,7 квадрат метр аянтты ээлеген үй жана 200 кв. м. дача, дагы бир 1643,13 кв. м. 10 миң 194 кв.  м. жана 10 миң 900 кв.  метрлик туугандарынын жер тилкелери катталган.  Lexus LX570, Toyota Camry и Porsche Cayenne үлгүсүндөгү автоунаалары бар экени декларацияда белгиленген. (кыймылдаткычынын көлөмү көрсөтүлгөн эмес)

 Абдулатип Режевалиев

 “Республика” фракциясынын депутаты Абдулатип Режевалиев берген декларациясына ылайык, 2012-жылы 649 259 сом тапкан. Эл өкүлү мындан башка эч бир маалымат берген эмес. Ошондой эле туугандарынын кирешеси жана кыймылсыз мүлктөрү тууралуу да маалымат жок.

 p.s.  Мамлекеттик чиновниктердин үй-мүлкү, байлыктары жана жылдык кирешеси туурасында көптөгөн талаш-тартыштар жаралып келүүдө. Бийликке келгендер көпчүлүк дүйнө мүлктөрүн жакындарына каттатып келгендери айтылып келет.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru