Айбат » Кочкор районунунун Кош-Дөбө айылындагы сел каптоодогу чыгым 16 млн. сомдон ашты (фото)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кочкор районунунун Кош-Дөбө айылындагы сел каптоодогу чыгым 16 млн. сомдон ашты (фото)

IMG_2750Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында 11-августтагы 4 чоң суу каналынан агып келген селдин кесепетинен келтирилген чыгым 16 млн. сомдон ашты. Бул тууралуу Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Темирболот Абыкеев билдирди.

Анын айтымында, БСРдин (суткалык жөнгө салуу бассейни) деңгээли көтөрүлүп, БСРди алып кетүү коркунучу жаралды, айылда жана айылдын кичи айылдарында жалпысынан 14 көпүрөнү суу алып кеткен, анын 2 көпүрөсү чоң болсо калганы майда кичи көпүрөлөр болгон.

Мындан тышкары буудай, арпа айдалган айдоо аянттардын 4-5 га жерин сел алып кетти, болгон айыл тургундары суу каптаган аймактарды дамба менен тосуп, 500 чукул жалпы тургундар чыктык. «Ошол кезде жарандык коргонуу менен айыл тургундары жалпы чыгып суу агымын чоң-чоң сайларга буруп ийбегенибизде, анда жалпы айылдагы айдоо аянттарды сел алып кетмек» — дейт Т.Абыкеев.

Сел агымы алып келген чыгымды райондук жана айылдык комиссиялар иштеп тактап чыгышты, 1 миң куб суу баткан жерди, ошол күнү 130 миң куб суу аккан, азыр кайрадан калыбына келтирүү иштерине баш аягы 16 млн. сом керектелет деп кошумчалады ал.

 

IMG_2687 IMG_2752 IMG_2775 Фото1338

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru