Айбат » Жумгалда 3 күндүн ичинде бензин 4 сомго кымбаттады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда 3 күндүн ичинде бензин 4 сомго кымбаттады

DCIM100MEDIAНарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы жергиликтүү айдоочулар 3 күндүн ичинде бензиндин баасы 4 сомго жогорулап кеткендигин айтышып кайрылышты.

Алардын маалыматына карасак, мындан 3 күн мурун  (Аи-80) үлгүсүндөгү бензиндин баасы 32-33 сомдон сатылып келсе, учурда анын баасы 36 сомго жеткен, ал эми  (Аи-93) үлгүсү 36 сомдон болсо, азыр 38-40 сомго чыкты деп билдиришет жергиликтүү айдоочулар.

Бизде атайын талапка жооп берген май куюуучу жайлар жок, жеке ишкерлер атайын бензовоз менен ташып келип жол жээкте кыдыра тизилип сатышат. Аларга эмне өз билгендерин кылып, майды болгон баада сатып отура беришет, алсаң ал албасаң бара бер дейт. «Бизге атайын талапка жооп берген май куюуучу жайы керек, башка райондордо «Газпром» ишканасынын май куюуучу жайлары бар деги бизге качан келет» — дейт айдоочу Тентиев Нурбек.

Бул боюнча атайын бензин сатып жаткан жеке ишкерлерге кайрылганыбызды, чындыгында бензиндин баасы 2 күн мурун кымбаттагын айтышты. Алардын айтымында ушу кезде бензиндин баасы 3-4 сомго жогорулаган.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru