Айбат » Эмизүү жана камсыздоо

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Эмизүү жана камсыздоо

наристеЭне деген түшүнүк адам аң сезиминде алгач эмчек сүтү, анын мээрими менен ассоциацияланса керек. Эне эмчеги менен эмизүү – перзенти алдындагы милдети экенин Аллах ыйык Куранда: «Төрөгөндөр эмчеги менен өз балдарын толук эки жыл эмизишет, эгер эмизүү толук бүтүшүн каалашса» («Бакара»,233) деп баса белгилейт.

Эгер атасы башка эмизүүчү аял тапса же эмизүүнүн башка ыкмасы табылса (атайын балдар тамагы) эне баласын өзү эмизүүдөн баш тартууга акылуу. Бирок, бөбөк эч кимдин эмчегин эмбей койсо жана башка ыкма менен тамактандырууга мүмкүнчүлүк табылбаса эне баласын сөзсүз өзү эмизүүгө милдеттүү.

Бөбөктү атайын сүт ашканаларынан алынган продуктылар менен азыктандыруу мурда биздин элде болуп көрбөгөн. Бирок, азыр бул жоосун айылга жете баштады. Негизги себеп – эмчектен сүт чыкпай калуусу – болгону менен, анын артында фигуранын кызыкчылыгы турат. Ушундай көрүнүштөр батыш цивилизациясы секс боштондугун өркүндөтө баштаганда жайылган экен. Алар да фигурасын аяптыр. Азыр врачтар араң алдап соолап, дагы эле болсо «фигураңа пайда» деп жатып баласын эмизгени көндүрө баштаптыр.

Эненин сүтүндөгү элементтерди, алардын пропорцианалдуулугун, тоюмдуулугун, баалуулугун бир да адам колу менен жасай албайт. Эне сүтүн толук эмип чоңойгон балдардын – ар түрдүү тышкы таасирлерге туруштуулугу – иммунитети күчтүү болот. Чучугу толуп, колу-буту, дене түзүлүшү тез торолуп, андай балдардын аң сезими да бат жетилет. Буга Октябрь революциясынан кийинки кыргыздагы илимдин, адабияттын, маданияттын жетишкендиктери күбө. Ал эми азыр академиялык, университеттик жана башка жогорку жана орто окуу жайларынын козу карындай көбөйгөнүнө карабай – илгери торпедо чыгарып келген мамлекет азыр бир алюмин кашык чыгара албай аны да кытайдан сатып алып жатканы – далил боло алат. Адам колунда бышкан тамак башка – эненин денесинде Аллахтын көзөмөлү менен даярдалган тамак башка. Эненин денесинде жүрүп жаткан процесстердин бири да Аллахтын көз жаздымында калбайт. Анын үстүнө эмчек эмген бала менен бөтөлкө соргон баланын мүнөзү байкаган адамга асман менен жердей. Эмчек эмген бала эне мээримин, бейпилдикти, тынчтыкты адам акылына сыйбаган жолдор менен сезет, алат. Курсагы тойгон бөбөктүн кубанганы – тойгонунан гана эмес, балким эне мээриминен толук бир сеанс «заряд» алганынан болсо керек. Антпесе, соска аркылуу тойгон баланын көөнү анчалык куунак эмес, эмнегедир өксүгөнсүп сезиле берет.

Эмизүү – эненин өзүнө да пайдалуу, анткени эмизүү менен эненин денесиндеги химиялык заттардын алмашуусу тез болуп, организм жашара баштайт. Андай энелер адатта мээримдүү келишип, балага сүймөнчүк болушат. Бир күндө беш алты маал эмизүү – мээримдүүлүк машыгуусу болот да андай эне башкалардын да кайгы-кубанычын өзү аркылуу өткөрүп калат. Ал эне менен баланын ортосундагы көзгө көрүнгүс тыгыз байланыш – энелерди «бала дегенде жүрөгүн болк этетке» жеткирсе, балдарын – эстеген сайын эне жытына куса кылат. Тилекке каршы азыркы жаш энелердин жүрөгү болк этпей калганы ошондон болсо керек. Антпесе, өз жатындан чыккан баласын чыркыратып, кыштын кыраан чилдесинде бирөөнүн дарбазасына кандай эне таштап кетсин?! Төрөп, бөбөгүн ажатканага чөктүрүп өлтүргөн «энени» жер бети кантип көтөрүп жүрөт?! Аларга эмизүү туралуу түшүндүрүү оңой болбосо керек. Балким энелердин ыйыктыгы алардын эмизгенинде?

Бекеринен кыргызда «Эне тилим – эне сүтүм» деп айтылбайт. Бала тилди – эненин сүтү аркылуу, анын мээрими менен алат. Бул ыкманы дүйнөдөгү бир да лингвистикалык технология алмаштыра албайт. Балким биздин балдар өз тилин сүйлөй албай калганы да ушундан болуп жүрбөсүн.

Эмчек эмген бала үйдө болот. Тагыраак айтканда аны гундегинде курутуп, заары куюлган няняларга же балдар бакчасына берүүнүн кажети болбойт. Балага энеден өткөн табиячы жок. Эне менен баланын ортосундагы тилди экөө гана түшүнөт. Ал тилди башкалар түшүндүрө алышпайт жана энеси караган балада тарбия толуккандуу болот.

Куранда эмизүүгө бекеринен эки жылдык чек коюлбайт. Эмизген эненин боюна ал мөөнөттө бала бүтпөйт жана эне үй-бүлөөсүн ушинтип табигый эле жол менен пландаштырып алат. Бул мөөнөт ичинде баланын айлана чөйрө менен фундаменталдык таанышуусу калыптанып, анын мүнөзүнүн келечектеги белгилери көрүнө баштайт. Анын үстүнө эки жыл бою аял эринин өзгөчө камкордугунда болгону келерки тукумдарга пайдубал болот. Атанын өзгөчө камкордугу деп – бала эмизген эненин толуккандуу тамактануусун, кийим кечеден жана башка муктаждыктардан арылуусун айтса болот. Эмизген эненин физиологиялык, психологиялык абалы начардаса анын сүтү азайып же такыр качып кетүүсү мүмкүн, ошондуктан ата бул учурда жубайына өтө сылык жана сыпайы мамиле жасоосу зарыл. Бирок, чындыгында эмизүүнү каалаганы менен эмчегинен сүт чыкпагандардын жолу башка. Балким жубайлар анын ыкмаларын издешсе дабаасы табылар. Адатта, мындай учурларда эмчек эмизчү энелерди жалдаса болот. Бирок, аларды алдын ала оору сыркоолугун, психикалык абалын изилдеп көрүү зарыл. Жалданган эмчек эне соопчулук үчүн эмизбеген болсо анын сүт акысын төлөө жакшы. Пайгамбарыбыз с.а.в. да өз энесинен башка аялдын Халима энебиздин эмчегин эмип чоңойгон жана ал учур жөнүндө көптөгөн кереметтүү окуялар тарыхтан малым.

Айтмакчы, адам баласына белгилүү болгон мыйзамдардын ичинде Ислам шариаты гана эмчек эмизүүгө зор маани берет жана эмчектеш бир туугандык институтун киргизет. Аялдар уруксаты жок бирөөнүн балдарын эмизбөө керек. Эгер андай жагдайга жол берилсе эмизген аял ал жөнүндө баланын ата-энесине билдирүүсү зарыл. Анткени, кээ бир Ислам окумуштууларынын оюу боюнча бир тамчы сүт болсо да бөбөктүн курсагына жеткен болсо ал эмизилди деп эсептелет да эмчегин эмизген аял – балага – эне, анын жубайы – ата, балдары кадимкидей эле бир тууган болуп калат. Ошентип ар жагдайдан улам эмизилип калган балдар бир тууган болуп калышат. Эмчектеш бир туугандык – тууган байланышына кирет жана алар ортосунда никелешүүгө тыюу салынат.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru