Айбат » Бектур Кыдырмаев, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: “Айылда жакшы иштер аткарылды”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бектур Кыдырмаев, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: “Айылда жакшы иштер аткарылды”

Бектур Кыдырмаев

Эңсегенине жетпеген, ээнсиреп турган заманда, өкмөттүн бюджетин ары тартып ардактуусуна, бери тартып берекелүүсүнө жеткире албай турганыбызда, айыл жеринде кандай иштер аткарылып жатканы бийлик тарапка жетпей же угулбай деле калат.

Анынсыңаары Нарын облусунун Жумгал районунан Кызыл-Жылдыз айылында күжүрмөндүк иштер аткарылып, айылда бир катар өзгөрүүлөр байкалып келет. Айылдын кирешеси асман менен жердей болбосо дагы, биртке киреше менен тыгынтык кылып, өз алапайларын өздөрү таап жаткан элеттиктердин башчыларынын бирин сөзгө тарттык.

Өмүр жолу

Кыдырмаев Бектур Шыйтыевич 1969-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында туулган. 1986-жылы К.Акыев атындагы орто мектебин аяктап. 1986-жылы Фрунзе Политехникалык Институтунун студенти. 1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-жылдан 1994-жылдары КАСИнин инженер курулуш факультетинин, “инженер-механик” кесибин алган.

1.02.1989-02.06ю1989-ж.ж Жумгал борборлоштурулган ооруканасында айдоочу.

03.08.1994-22.09.1996-ж.ж КСО бөлүмүндө инженер-механик.

04.01.1999-20.10.2000-ж.ж Вытомобиль транспортунун Нарын облустук башкармалыгында жетектөөчү адис.

20.10.2000-12.11.2003-ж.ж Кыргыз Транспорт Инспекциясынын Жумгал райондук ыилиалында жетектөөчү адис.

01.08.2003-28.04.2012-ж.ж Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы

28.04.2012-жылдан ушу мезгилге чейин Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аткарып келет.

 

-Бектур мырза, алгач айылыңыздын тарыхын баяндап берсеңиз?

 

-Кызыл-Жылдыз айылы Чаек айылдык кеңешинен 2003-жылы КРнын №124 мыйзамынын негизинде өз алдынча айыл өкмөт болуп бөлүнгөн. Кызыл-Жылдыз айылы Жумгал районунун административдик чегине кирет. Түндүк тарабы райондун борбору Чаек айыл округу менен, түштүк тарабы Тянь-Шань кырка тоолору, ал эми батышынан Көк-Ой айыл аймагы менен жана чыгыш тарабы Чаек айыл округу менен чектешет. Кызыл-Жылдыз айылы ич ара Майда-Дөбө, Кара-Суу, Калык Акиев жана Кантор округу болуп 4 бөлүнөт. Калкынын саны 2025 болсо, түтүн саны 542 ал эми чарба саны 402 түзөт. Айылда айыл чарба багытындагы жерлер 19180 га, айдоо аянты 882 га, чабынды жер аянты 48,9 га, кайра бөлүштүрүү жерлери 50 га. Деңиз деңгээлинен 11600 метр бийиктикте жайгашкан. Республиканын борборунан 360 км алыстыкта жайгашкан. Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши 11 депутаттан турат. Кызыл-Жылдыз айыл округу 4 штатык бирдикте ээлеген 6 муниципалдык кызматкерден турат.

 -Айылда кандай иштер аткарылып келет?

-Аткарылып жаткан иштерге токтолсок, айылда тазалыкты кармануу менен айыл ичине жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин алдыга коюп келебиз. Райондун мыкты айыл өкмөтү кароо сынагына катышып айылда 260 метр жерге тосмо орнотулуп бүттү, учурда дагы айыл тургундары тарабынан өз айлана-чөйрөлөрүн оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүдөбүз. Айыл өкмөтүнүн жамааты менен учурда айылда ишембилик өткөрүп, оңдоп түзөө иштерин айыл тургундары менен биргеликте иш алып баруудабыз. Облуста уюштурулган «мыкты айыл өкмөтү 2013» кароо сынагына катышууга уруксат алып азыр даярдыктар көрүлүүдө.

Айылда өткөн жылы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 780 миң сомго кайрадан курулуп пайдаланууга берилсе. Айыл тургундарын, жаштарды спортко тартуу максатында былтыр АРИС жана жеке ишкерлер аркылуу 3 млн сомго спорт ордосу курулду.

Ушул эле жылы АРИС аркылуу жайыттарга кетүүчү жолдорго 250 миң сомго 5 көпүрө салынды. Андан башка дагы жеке менчик кичи майда ишканалар курулуп пайдаланууга берилди.

 -Айылды таза суу жана  жазгы-күзгү айдап себүү иштери кандай уланууда?

-Айыл тургундары таза-суу менен толук камсыз болушкан, таза-суудан көйгөй жаралбайт. Жазгы айдап себүү сугат суу иштери өз убагында аткарылып элди суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылып келебиз. Чала-кыштак өрөөнүндөгү “Ноот” каналы тазаланды. Буга айылдын СПА “Кайдуулат” ишканасы тарабынан цемент жана акча каражаты бөлүнгөн.

Таза-суу тартып келүүчү жайдын суу чыгаруучу жайы тазаланып-оңдолуп келет. Иштен чыккан айрым суу түтүкчөлөрү оңдолуп ишке берилди. Азыр айыл тургундарында суу жаатынан көйгөй жок.

-Облуста уюштурулган “Мыкты айыл өкмөтү 2013” кароо сынагына катышып жатыпсыздар, ага кандай даярдыктар көрүлүп жатат?

 -Бул сынакка чакан айыл өкмөттөрүнөн райондук администрация тарабынан катышууга уруксат алдык. Буюрса айылда чакан кичи ишканалар, соода-сатык жайлары жана аткарылып жаткан иштер менен тартылган инвестицияларды көрсөтүүгө даярданып турабыз.

Жалпы айыл өкмөтүнүн кзматкерлери болуп коомдук жайларды тазалоо, айылды акыр-чикир таштандылардан арылтуу иштерине катышып келебиз. Учурда жол тосумдарын, жол жээктеп өскөн бак-дарактарды актап, сырдап жатабыз.

-Алдыда дагы кандай пландарыңыздар бар?

 -Алдыда дагы көптөгөн жакшы максаттар бар, элге мүмкүнчүлүк түзүп берсек эле эл өзү менен өзү алек. Сырттан инвестиция тартып келүү, жумушчу орундарды ачуу менен катар айылда билим жаатын өркүндөтүүнүн алдында турабыз. Биздин айылдан да дагы бышкан кирпич жана пескоблок чыгаруучу кичи чакан ишканалар ачылуу алдында турат. Айылдын аймагында коргошун кени бар экени аны иштетүүгө инвесторлор келип жатканы айтылууда. Андан тышкары тоок багуучу ишканаларды ачуу алдында турабыз.

 -Ушул мүмкүнчүлүгүңүздөн пайдаланып жалпы окурмандарга калоо-тилегиңизди айта кетсеңиз?

-Күжүрмөндүк, берешен берекелүү элим Кыргыз жериме, бакубат жашоо, туруктуулук, ынтымак ырашкерлик каалайм, айыл өкмөтүн дайым колдоп, бирге кызматташып жүрсөк алдыда дагы көптөгөн иштер аткарылат. Баарыңыздарга ден-соолук!

 

Жол боюнча тосумдарды, бак-дарактарды тазалап актап жаткан кызматкерлердин өз ойлоруна ортоктош болсок:

 Гүлнара Калмаматова , Кызыл-Жылдыз

айылдык кеңештин төрайымы:

 -Айылдык кеңештин депутаттары, өкмөт жамааты болуп күнүнө эле сыртта иштеп жүрөбүз.Айылды көтөрүп колдоп кетүү үстүндө тыгыз кызматташып колубуздан келген жардамдарды берип элге кызмат кылып келебиз. Элдин жүгүн артуу үчүн эл атынан депутат болгонбуз. Ошондуктан кызмат кылуу биздин ишибиз.

 

Алтынкүл Байбагышова,  Кызыл-Жылдыз

айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы:

 -Алдыда дагы көптөгөн максаттар бар, айыл өкмөттү колдоп бир эле мекемеде отура бербестен өзүбүз кошо көчөгө чыгып, айыл ичиндеги акыр-чикир таштандыларды тазалап, актап, сырдап турбасак. Анда бизди ким иштеп атат деп айтат. Колдон келишинче жардамыбызды аябай айыл өкмөтүнө жөлөк-таяк болуп турушубуз керек.

 

Нургүл Кайыпова,

Кызыл-Жылдыз

айылдык кеңештин депутаты:

 -Үйдө жумуштар  көп болгонуна карабастан мезгил- мезгили менен жаз-күз айларында жалпылап кол кабыш кылып койбосок болбойт. Анткени, бул маалдарда ушул сыяктуу иштерди жасоого эч ким жок. Айыл элинин жүгүн көтөрүүнүн үстүндө иштеп аткан соң колубуздан келген жардамыбызды аябай, колдоп келебиз.

 

Мирбек Асаналиев

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru