Айбат » Гүлжигит Калыков, ырчы: Кыргызстан «Евразия жылдызын» өткөрүүгө даяр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Гүлжигит Калыков, ырчы: Кыргызстан «Евразия жылдызын» өткөрүүгө даяр

Гулжигит Калыков

Мындан бир жыл мурда түрк эли өткөргөн «Евразия жылдыздары» аттуу сынакты багындырган жана эми ал сынакты Кыргызстанда өткөрүүгө кызуу даярдык көрүп жаткан Гүлжигит Калыков маек курду.

 

- Азыркы учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

– Учурда чыгармачылык менен алек болуп жатам, ыр жаздырып изденүүнүн үстүндө жүрөм. Азыркы учурда элдин талабына ылайык ырдоо керек деген принцип менен жолдошмун.

- Жеке жашоодо кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Жеке жашоом бардыгы өз ордунда, азырынча жаңылык деле жок.

-«Евразия жылдызы» болгондон кийин кийинки жылы жеңүүчүнүн мекенинде өтүлүшү шарт эле, ага даярдыктар кандай?

– Даярдыктар жакшы буюрса. Сынакты Кыргызстан толугу менен өткөрүүгө даяр. Уюштуруучулар Түркия эли болгондуктан сынакты алар жарыялайт, биз ошону гана күтүп отурабыз.

- Бул сынак Бишкек шаарында эле өтөбү?

– Азырынча аны чече элекпиз. Эгер жай мезгилине туура келсе, Ысык-Көлдө өткөрсөкпү деп жатабыз. Эми муну мен эле чечпейм уюштуруу тарабынан Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Коомдук биринчи канал жана ушул ишке тиешелүү адамдар болуп чечебиз.

- Ал эми «Мейкин азия» сынагына конок катары барып келдиңиз, калыстар тобу туура эле баалады деп ойлойсузбу?

– Албетте, туура. Анткени ал жерде көптү билип көптү көргөн адамдар отурду, эми «кеңешип кескен бармак оорубайт» дейт эмеспи, анын сыңарындай туура эле баалады жана «Мейкин азия» фестивалы жакшы өттү. Бул сынак чоң-чоң эл аралык сынактардын бири болду десем жаңылышпаймын.

- Ыр жаздырууда кимдер менен иштешесиз?

– Ыр жаздырууда көп эле адамдар менен иштешем, аларды атай кетсем Райхан Бейшеналиева, Мирлан Андраев, Азамат Такырбашев, Кыялбек Урманбетов аттуу искусство адамдары.

- Быйыл каякта эс алдыңыз же эми эс алганы турасызбы?

 

– Быйылкы жай Рамазан айына туура келгендиктен орозонун бүтүшүн күтүп отурабыз. Орозо бүтөөрү менен эле ата-энем менен Ысык-Көлгө барып эс алып келели деп турабыз.

- Быйылкы жылы чет өлкөдө эс алып келүү планда жокпу?6

– Досторум чакырып жатышат АКШга, азыр ойлонуп жатам барып келсемби деп.

- Канат Култаев менен кайрадан иштешүү оюуңузда жокпу?

– Мен Канат байке мене үч жыл иштедим. 2010- жылы 1-июнда келишимге турганбыз. Ушул жылы июнь айында бүттү, ошого байланыштуу быйыл май айында үч жылдык эмгегибизди элге көргөздүк. Канат байке мени көп ийгиликтерге жеткирди десем болот. Канат байке эми өзүң да иштеп көр деди, мен иштей албасам кайра сизге келем деп айткам. Азыркы учурда деле Канат байкеге чалып кеңеш сурап турам.

- Кандай кыйынчылыктар болуп жатат, продюсери жок иштеш оңой элеби? 

– Чындыгында кыйын жалгыз иштеген, үч-төрт адамдын жумушун жалгыз иштейсиң. Мен мурда Канат байкеге ишенчүүмүн, ал мага эскертип айтып, «бүгүн тигил жака бар, чачыңды алдыр» деген сыяктуу нерселерди айтып турчу. Эми аракетке берекет дейт эмеспи колдон келишинче аракет кылып жатабыз.

- Жүрөгүңүздүн ээсин таптыңызбы?

– Менин жүрөгүмдүн ээлери көп. Алар ата-энем, бир туугандарым, досторум. Ал эми мага өмүрлүк жар болчу жанды таба элекмин.

- Күйөрмандарыңыздын аша чаап кеткен кылыктары болду беле?

– Болгон. Бир жолу концерттен кийин үйгө кетип баратсам аркамдан бир кыз аңдып келе берди, бир маалда токтоп сурасак Гүлжигиттин кайда жашарын билип алайын дегем дейт.

- Өзүңүзгө жакпаган сапатыңыз?

– Ишенчектигим жана уйкучулдугум жакпайт.

- Адамдагы баалаган сапатыңыз?

– Чынчылдык.

- Сиз жөнүндө айтылган сындарды кандай кабыл аласыз?

– Сындарды жакшы эле кабыл алам, эгер жаман сындар айтылса ошол нерсени оңдоого аракет кылам. Ал эми жакшы сындар айтылса кубанып калам.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru