Айбат » «Манас» үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүдө Азербайжан колдоо көрсөтүүгө даяр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги » «Манас» үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүдө Азербайжан колдоо көрсөтүүгө даяр

Самаков

2013-жылдын декабрь айында ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйыны Азербайжанда өтөт. Анда «Манас» эпосунун үчилтигинин тагдыры чечилет, деп билдирет Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Аталган жыйынга Азербайжан тарап төрагалык кылат. Азербайжандын борбору Баку шаарына иш-сапары менен барган Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков мына ушул иш-чараны алдын алып, бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Азербайжан Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин, Азербайжандын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жетекчилери менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо, жалпы түрк элдерине таандык маданий мурастарды коргоо, «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча маселелер кеңири талкууга алынды.

ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин төрагасы катары Азербайжан тарап Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө толук даяр экендиктерин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты К.Самаковдун айткандарына караганда, өкмөттөр аралык комитеттин жыйынына карата атайын кол өнөрчүлөр менен сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн уюштуруп, манасчыларды айттырып, кыргыз өнөрпоздорунун ыр-күүлөрүн тартуулоо маселелери каралууда.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru