Айбат » Зарина Хасанова: “Чыныгы эркек аялды бактылуу кылат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Зарина Хасанова: “Чыныгы эркек аялды бактылуу кылат”

Зарина Хасанова 2Теле алып баруучу Зарина Хасанова канчалаган жигиттердин жүрөгүнө чөп салып, кыздарды өзүнүн ийгиликтери менен суктандырып жүрөт. Зарина бизге өзүнүн жашоосундагы көз ирмемдерден бир шиңгил айтып берди.

Зарина Хасанова- Зарина ата-энеңиз туурасында айтсаңыз, үй-бүлөңүздө журналист, жазуучу артисттер негизи эле искусство адамдары барбы?

– Мен үйдө жалгыз кызмын.  Инилерим же сиңдилеримдин болушун мен абдан каалайм. Себеби, чоң үй-бүлөөнү абдан жакшы көрөм. Журналисттер, артисттер же жазуучулар биздин үй-бүлөдө болгон эмес. Ошентсе дагы, апам чыгармачылыкка кичине жакыныраак. Жыйырма жылдан бери Абдраев атындагы музыкалык орто мектепте фортепианодон сабак берип, иштеп келет.  Баса, элибизге белгилүү Гүлзинат Суранчиева апаман сабак алган. Мен кичинемде Гүлзинат эже биздикине келип пианино ойночу. Апам Гүлзинат эжени абдан таланттуу кыз деп көп мактачу. Атам болсо компьютерди программалоо тармагында эмгектенет. Апам гуманитардык жакка ыктаса, атам так илимге жакын.

- Ата-энеңиз сизди кайсы кесиптин ээси болсун дешчү эле?

– Ата-энем өзүнүн сүйгөн кесиби менен эмгектенишет. Өзүңдү зордоп бир ишке барып, анан иш күнүм качан бүтөт деп кыялдангандан өткөн тозок жок болуш керек деп ойлойм. Эгер сенин өзүңдүн сүйүктүү ишиң болсо – бактылуусуң. Менин кесип тандоомо эч ким бут тоскон жок. Кичинемен тартып эле чыгармачыл, ар тараптуу болуп өстүм. Бийге барчумун, вокалга, живописке иши кылып өзүмдүн эмнеге жөндөмүм бар экенин ар тараптан сынагам. Дайыма көңүл чордонунда болгонду жактырчумун. Мектепти аяктап жатып, так илимдер менин кесибим эмес деп чечкем. Мен чыгармачыл адам болгондон кийин, график менен жашай абайм. Чынында менин азыркы экинчи жогорку билимим экономика тармагы боюнча. Эми мынтип чоңойгон соң өзүмдү так илимдеринен сынап көрүүнү чечтим.

 – Үйдө өзүңүздүн колуңуз менен бир нерсе кыласызбы?

– Үйдө кээ бир учурларда өзүм тамак жасап, үйдү жыйнап калам. Акыркы учурларда тамакты даамына чыгаруп жасоону үйрөндүм. Менин оюмча ар бир кыз тамакты жакшы жасашы керек. Маанайым жакшы учурда ата-энемди даамдуу тамак жасап берип сүйүнтөм. Ал эми өз бөлмөмдөгү нерселер башка жакта туруп калышын каалабайм. Ошондуктан, өзүм жыйнайм.

- Эркектерден эмнесин көп баалайсыз?

– Эркектердин акылдуулугун, өзүнө ишенген сапаттарын абдан баалайм. Адамдын сырткы келбетине караганда ички дүйнөсү мен үчүн абдан маанилүү. Ошого карабастан, мен дайыма табити жакшы, мыкты кийинген эркектерге көңүл бурам. Албетте эркек лидер болуусу абзел. Чыныгы эркек аялды бактылуу кылат, калгандары аялды күчтүү кылат деген ойду карманам. Эркек өзүнүн сөзүнө жараша турат. Чыныгы эркек оозунан чыккан ар бир сөзгө, айткан убадасына турат. Анан албетте, ал эркек менен менин сүйлөшө турган темам болуш керек. Менин күйөөм камкор, мени жакшы көргөн жан болсо экен деп тилейм.

- Жакшы көргөн адамыңыз үчүн кыял-жоругуңузду алмаштырмак белеңиз?

– Эч качан. Мени жакшы көргөн эркек мен кандай болсом, ошондой кабылдаш керек. Мага мени өзүнө керектүүдөй кылып өзгөртүп алган эркектин кереги жок. Менимче менин кыял-жоругум чектен ашкан эмес, эч нерсени оңдобосо да болот. Бирок, ошончолук эле керек болсо жакшы көргөн адамымды түшүнүүгө аракет кылам.

 – Кайсы өлкөлөргө саякаттагыңыз келет?

– Чынында мен саякаттап, жер көргөндү абдан сүйөм. Ар дайым саякаттаган өлкөмөн бактылуу келип, жакшы иштеп кетем. Ар бир саякатым мага абдан чоң күч берип, позитивдүү маанай тартуулайт. Келгенден кийин түшкөн сүрөттөрүмдү көрүп, барып келген өлкөмө кайра баргандай болом. Азыр Америкада, Мексикада, Францияда, Араб Эмираттарында, Москвада болгонго үлгүрдүм. Жакында эле бала кзден кыялданган кыялым ишке ашып Италияга барып келдим. Миланда, Веронада жана Венецияда болуп кайттым.

 – Өзүңүздүн күнүмдүк сулуулук сырыңыз менен бөлүшсөңүз?

– Андай деле сыр кыла турган сырым жок. Жакшы көрүнүш үчүн жакшы уктап, тамак жагын да карай жүрүү керек. Анан албетте, күнүмдүк камкордук керек. Анан дагы сырткы келбет, ички келбетиңден көз каранды. Эгер сиз дайыма жакшы иштерди кылып, жакшы маанайда жүргөн болсоңуз, сырткы келбетиңиз да ошондой сулуу болот. Аялзаты айрыкча жанында өзүнүн жакшы көргөн адамы жүргөндө да абдан сулуу болот.

 – Күчтүү аялзаты жагабы?

– Албетте жагат. Мен алардан дем, күч алам. Аялзаты кээ бирде анча-мынча эркектерден да күчтүү болушат. Күчтүү аялдар бул жашоодо көп нерсеге жетишет, жашоонун ар кандай оор сыноолорун оңой эле жеңишет. Ошондой болсо да, аялзаты дайыма аял жакшы. Кээде аялзаты абдан назик болуп, эркектердин камкордугуна муктаждай болушу керек. Анан дайыма эле күчтүү боло берсе эркек да жолобойт. Себеби, эркектер алсыз аялзатына абдан жакын. Эркектер күчтүү аялзатынын жанында өзүн жоготуп койгусу келишпейт.

- Былтыркы жылы сиздин жашооңузда болгон абдан жакшы жана жаман нерсе?

– Былтыркы жылдын эсебинен мен үчүн абдан жакшы нерсе болгону бир жакшы адам менен баарлашканга мүмкүнчүлүктүн болгону. Азыр ал адам менин жашоомдо жок.ошентсе дагы аны менен өткөргөн убактыма абдан ыраазымын. Андан сырткары апам экөөбүз Дубайга барып, менин туулган күнүмдү ал жактан белгиледик. Иш жаатында да көп жакшы нерселер болду. А жаман нерселер туурасында айтсам, жаман нерселерди ошол жерден унутканга аракет кылам. Аны эстей бергенде жүрөгүң ооруп, мээң чыгалгандан башка пайда жок. Ошондуктан, адамдардан да жакшы жактарын көп көрүүгө аракет кылам.

- Сизде көрө албастык барбы? Бирөөнүн образына, уарасына, атак-даңкына көз артасызбы?

– Көрө албастык кудайдан жөө качкандардын сапаты болуш керек. Өспүрүм кезде мүмкүн андай сезим менен кагылышкандырмын. Бирок, азыркы учурда андай сапат менде жок. Башка адамдын кылган ишине көз артпаш үчүн өзүңдү ал адам менен салыштырбашың керек. Бактылуу болуш үчүн бирөөнүн ден соолугун, сүйүүсүн жана айлыгын өзүңдүкүнө салыштырбашың керек деп бекеринен айтышпаса керек. Мен кудайдын ушул бергенинен канагат кылып, тобоо кылып жашайм. А бирок, мен сыймыктанган адамдар бар.

- Тагдырыңызга нааразы болгон учурлар болобу?

– Менимче ар бир адамдын тагдырына нааразы болгон учурлары болот болуш керек. Менде деле андай учурлар болот. Андай учурларда жашоомду башка жакка өзгөртүп, жаңыланууларды киргизем. Бирок, негизинен жашоомо ыраазымын. Ден соолугум чың, жакындарым жанымда – бакыт үчүн дагы эмне керек? Андан башкасын каалооң болсо жетишсең болот. Көпчүлүгү бакытты унутуп, ар кандай майда нерсеге кабагы түйүлүп калат. Эгерде адамдын жашоосу жаман жакка кетип баратса, болгон күчүн жумшап, өзүнө керектүү пайдалуу жолго түшүп алуу ар бир адамдын колунан келген нерсе.

 – Шопингге кызыгасызбы?

– Албетте кызыгам. Мен кийим сатып алганды абдан жакшы көрөм. Кээ бирде шкафты ачып жакжактарда жакында жарылып кетет го деп ойлойм. Шопинг маанайымды көтөрөт. Негизинен чет мамлекетте шопинг кылганды абдан жактырам. Ал жакта жакшы сапаттагы жана жакшы баадагы кийимдерди ала аласың. Ал эми Бишкектен такыр эле кийим сатып албайм.

 – Депрессия сизге таанышпы?

– Өзүмдүн дээримен оптимистмин. Капа болуп, ыйлаганды өлө жек көрөм. Бирок, пенде болгондон кийин кээде мен деле капаланам. Мага азыр капаланганга такыр убакыт жок. Күнүм абдан эле тез өтө, такай жолугушуулар, сьемкалар, маектер ж.б. баса, депрессиядан чыгуунун жолу бир гана өзүң сүйгөн жумуш.

Самара Саламатова

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru