Айбат » Кан кудасы Бакиевди эл баатырлыгына көрсөткөн Исабеков Бекназаровго «үйлөндүбү»?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кан кудасы Бакиевди эл баатырлыгына көрсөткөн Исабеков Бекназаровго «үйлөндүбү»?

ИсабековЭски замандагы «ак жолчу» парламенттин камчы чабарларынын бири Кубанычбек Исабеков уйкудан ойгонгон аюу сымал гезит беттеринен түшпөй, «гениалдуу», «акылдуу» ойлорун ортого салып, оңду-солду маек куруп баштады. Өзү маалымат жыйынында айткандай, «аты жаман ооруга» чалдыгып, Германиядан дарылап кайтканы чын болсо, минтип саясатка аралашкандын ордуна денсоолугунун камын көрбөйт беле? Таң калбаңыз. Мунун себеби тереңде жатат, аны бул макалабызда чечмелеп беребиз.

Кубанычбек Сатындиевич эгемен гезиттердин бирине курган маегинде апрель окуясынан кийин эч нерсе өзгөрүлбөгөнүн, күзүндө саясый кырдаал оор болорун айтып «көзачыктаныптыр». Убагында качкын президент Курманбек Бакиевди улуу баласына өкүл аталыкка дайындап, анын саясатын катыра жүргүзгөн адамдын азыркы бийликке көзү түз болбосун туура түшүнөбүз, мындай кишилер жакшы нерсени, өзгөрүүлөрдү көрсө да көрмөксөнгө салары калетсиз. Бирок, бир орчуңдуу жагдайды айта кетишибиз керек. Кыргызстанга, кыргыз элине кыянатчылык кылган «Кумтөр» алтын кени боюнча 2009-жылдагы келишимди жата калып коргоп, Курманбек Бакиевди эл баатыры кылгысы келген ушул Исабеков эмес беле? Эртеңки күнү чычалап, сотко сүйрөбөсү үчүн анын парламенттеги сөзүн өзгөртүүсүз мисал келтирели: «… урматтуу депутаттар, улутташтыруу боюнча эгерде суроолоруңар болсо, мен айтып берейин. Бири-бирибизди күнөөлөгөндөн алыс бололук. Жеңиш – бул биздики чогуу болду, бул кыргыз элиники, президенттики, ушу биздин парламенттики жана өкмөттүкү болду. «Кумтөр» боюнча да президенттин эмгеги зор, мен ал кишиге ушул жогорку трибунадан рахмат айткым келет, мындан ары да ушул ишти уланта берсин, менин колуман келсе, даже баатырлыкты бермекмин. Бул жагалдангандык эмес, сөздүн ачыгын айтыш керек. Эл аралык келишимдер жөнүндө бизде мыйзам бар, ошонун 11-беренесинде жазылып турат тоо кендерди өздөштүрүү боюнча келишимдер чет элдик ишканалар болобу, жеке менчик юридикалык жактанбы, же инвестициялар болобу, ал сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештен ратификация болушу керек. Ошонун негизинде биз бүгүн бекитип берели». Мынакей, эл үчүн күйүмүш эткен, «Кумтөрдү» бетине кармап, саясат жасаган Кубанычбек мырза 2009-жылдагы келишимди колдоп берүүгө кесиптештерин үндөп жатыр. Ал эми бүгүнкү бийлик сүйлөшүүлөрдүн негизинде «Кумтөрдү» мамлекетибиздин, элибиздин кызыкчылыгына иштетүүгө аракет жасап жатканына коомчулук күбө. Мына ушул факт мурдагысы менен азыркы бийликтин айырмачылыгын, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого ниеттенгенин далилдейт. Ал эми Кубанычбек мырзанын түштөн кийин акылдуусунуп, «Кумтөргө» күйүмүш эткени акылга сыябы?

Курманбек Бакиевди эл баатыры кылуу ниетинде жүргөн Кубанычбек Исабеков ошол эле гезиттеги маегинде жакынкы аралыкта саясатка билек түрүнө киришерин, оппозиционер болорун жашырбаптыр. Ошондой эле айрым оппозиция лидерлери менен бириккенин: «Мен азыркы оппозицонерлердин кээ биринин оюн колдойм, кээ биринин оюн колдобойм. Бирок, азыр мен бир да уюмга, топко, партияга мүчө эмесмин. Буга чейин “Эптеп Ысык-Көлдү кармаганга жардам бериңиз же башка иштерди жасап бериңиз” деп сунуштары менен көп адамдар келген. Мен макул болгон эмесмин. Азыркы тапта кыргыз эли үчүн күйгөн, акты ак, караны карадай ажырата билген жигиттер менен бириктим. Алдыда эл үчүн көп иштерди жасайбыз деп турабыз» деп ырастаган.

«Кубанычбек мырза «баш кошкон», «акты ак, караны карадай ажырата билген» жигиттер ким болду экен?» деп баш катырып жатканыбызда, суроонун жандырмагы өзүнөн өзү чечмеленип калгансыды. Өткөндө «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, журналисттер тамашалап жазгандай, ар бийлик алмашкан сайын миллиондорду жасаганга маш болгон «бульдозер» Азимбек Бекназаров, кан досторун «кидайт» этип, «Ата журт» партиясына толук кожоюндук кылсам дегенге «ак эткенден так эткен» Акматбек Келдибеков жана макалабыздын башкы каарманы Кубанычбек Сатындиевич «Аврора плюс» пансионатында жашыруун жолугушуптур. Булар күздөгү саясый кырдаалды талкуулап, биригүү демилгесин көтөрүшкөн экен. Ал эми Азимбек Анаркулович жаңы түзүлчү оппозициялык кыймылды каржылоо үчүн байлыктарынын бир бөлүгүн сатуу ниетин билдиргени кызык. Анын бул кадамы түшүнүктүү эмеспи: бийлик алмашса болду, короткон акчаларынын ордун коюп, капчыгын кампайтканга шашылат да?! Ал эми Акматбек Келдибекович сөз арасында оппозиция лидери болуу ниетин кыйытыптыр. Бир гана Адахан Кимсанбаевич Келдибековдун сунушуна тырчып, «ак» да, «көк» да дебей коюптур. Бул  Мадумаровдун Келдибековду теңине албай, аны өзү айткандай саясатчы сөрөйлөрдүн катарына кошуп, өзүн гана чыныгы оппозиция лидери санаарын көрсөтөт эмеспи.

К.Исабеков бириктик деген А.Мадумаров, А.Келдибеков жана А.Бекназаровдордун максаты бирөө гана – ал эптеп бийликке жетүү, анын аркасында байлык топтоо. Мындан бөлөк элибизге, мамлекетибизге кызмат кылуу ниеттери деле жок. Албетте, Исабеков качкын президент, кан кудасы Курманбек Бакиевге элдик баатырлыкты ыйгарууну дале пландап жүрсө керек. Бири революциянын арты менен миллиондорду жыйнап, дагы бири бийликке жетсем дегенде түн уйкусунан ойгонуп, Сатындиевичи Бакиевге эл баатырын «белек» кылсам деген ниетинде жүрсө эле, алардын кычуушун кандырып, планын орундатыш үчүн эле бийликти мыйзамсыз алмаштыруу акыл-эси жайында адамды мыйыгынан гана жылмайтат. Булардын түпкү максатын түшүнгөн эл колдомок тургай, тескерисинче, пикет-митингдерин үзгүлтүккө учуратып, колдобосу аштан бышык.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru