Айбат » Түркиянын берген акчасы кайда жумшалды?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Түркиянын берген акчасы кайда жумшалды?

Мурда чет өлкөдөн жеңилдетилген насыялар алынганда ал акчалардын изи кантип жоголуп коомчулук билбей да калчу. Түркия Кыргызстанда 100 млн. доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя берери, бул каражат үч транш менен бөлүнүп келери тууралуу белгилүү болгондон кийин, бул акчалар дагы кумга сиңгендей жоголуп кетпес бекен деген коомчулукта шектенүү пайда болгон эле. Биз ал каражат максаттуу пайдаланганбы деп кызыгып көрдүк.

долларЭки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык бул каражат ирригация, билим берүү жана транспорт тармагын камтыган мамлекеттик долбоорлорго жумшалышы керек болчу. Анан дагы бул долбоорлорду мамлекеттик гана мекемелер ишке ашырышы шарт эле.        Бул келишим ратификациядан өтөрү менен Кыргыз президенти менен Өкмөтү аталган каражатты максималдуу түрдө эффективдүү пайдалануу тапшырмасын беришкен. Буга байланыштуу Өкмөттүн буйругу менен башында биринчи вице-премьер-министр турган мекемелер аралык комиссия менен Түркиянын насыясы менен аткарыла турган иштердин планы түзүлгөн.

Насыянын биринчи траншы 10 млн. доллар, экинчи траншы 38,5 млн. доллар келип түшүп, министрликтердин, мамлекеттик мекемелердин берген арыздарынын, жүргүзгөн тендерлеринин негизинде төмөндөгү долбоорлорго акча бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин линиясы боюнча:

1. Ири мүйүздүү малдарды асылдандыруу түйүндөрү үчүн каражат сатып алуу үчүн 480 миң долларга келишим түзүлгөн жана бул каражат төлөнүп берилген.

2. Айыл чарба министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине техникаларды, механизмдерди сатып алуу үчүн 7 млн. 701,63 миң доллар төлөнүп берилген, келишим өзү 8 млн. 958,4 миң долларга түзүлгөн болчу.

742 миң долларга 7 автокран, 763 миң 36- долларга 15 автосамосвал, 489 миң 160 долларга 11 жүктөгүч, 364 миң долларга 40 даана САК сатылып алынган.

Жыйынтыгында 2 млн. 358 миң 480 долларга 73 даана курулуш техникасы сатылып алынды. Жакынкы күндөрдө 42 даана дөңгөлөктүү экскаватор, 7 даана бульдозер, 29 даана жүктөгүч, 15 даана самосвал келери күтүлүүдө.

3. Ириигациялык жабдууларын куру иштерин аяктоого (Баткен облусунун Кадамжай районунун Бүргөндү массиви) 1 млн. 205,3 миң доллар төлөндү, келишим 6 млн. 773,5 миң долларга түзүлгөн болчу.

4. Айыл чарба техникаларын лизингге берүүнү каржылоого келишимде көрсөтүгөн 4 млн. 939,35 миң доллар төлөнүп бүткөн. 227 даана трактор сатылып алынып, «Айыл Банк» ААКсы айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө 159 тракторду 157 млн. сомго берген.

 Транспорт жана коммуникация министрлигинин линиясы боюнча:

1. Асфальтобетон заводун, автожол техникасын, бульдозер сатып алууга 7 млн. 169,2 миң долларга келишим түзүлүп, анын баары төлөнүп бүткөн. Жыйынтыгында 3 комплект асфальтобетон заводу, 43 автогрейдер, 20 жүктөгүч машине, 7 бульдозер сатылып алынган. Транспорт жана коммуникация министрлигине бөлүнгөн акчадан үнөмдөлгөн 2 млн. доллар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине техника сатып алуу үчүн бөлүнгөн. Учурда тендер өткөрүлүүдө.

 Курулуш жана аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиктин линиясы боюнча:

Тендердик негизде 47 объекти капиталдык ремонттон өткөөн. Бул долбоорлордун баасы 32 млн. 700 миң долларды түзөт.

Бишкек мэриясынын линиясы боюнча:

Бишкек шаарынын жолдорун куру жана оңдоого 27 млн. 396,7 миң долларга келишим түзүлүп, учурда 10 млн. 796,1 миң доллары төлөнгөн.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин линиясы боюнча:

Бишкектин Ак-Орто массивиндеги 110 кВттык жогорку чыңалуудагы подстанцияны курууга 4, 450, 3 млн. долларлык келишим түзүлгөн. Долбоордун каржыланышы Түркия тараптын макулдугунан кийин жүргүзүлмөкчү.

Түркия насыясынын биринчи жана экинчи траншынын калганы мекемелердин жүргүзгөн тендерлерине, подрядчиктер менен түзгөн келишимдерине жараша төлөнмөкчү.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru