Айбат » «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү баскычы 17-августта болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү баскычы 17-августта болот

кумторКоомчулуктун көңүл чордонунда турган маселелердин бири «Кумтөр» маселеси боюнча канадалыктар менен Кыргыз Өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрү болууда. Бүгүн «Кабар» агенттигинде болуп өткөн маалымат жыйынында «Кыргызалтын» ААКсынын төрага орун басары Кылычбек Шакиров бүгүнкү күнгө чейин сүйлөшүүлөрдүн эки этабы болуп өткөндүгүн кабарларды. Биринчи топ 30-июлдан 1-августка чейин AMEC компаниясынын 5 адиси менен биргеликте тоо-кен агенттигинин өкүлдөрү, экология жана техникалык коопсуздук боюнча адистери жана Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү болуп жалпсынан 20 адам «Кумтөр» алтын кени жайгашкан аймакка барышкан. Алар «Кумтөр» компаниясынын жетекчиси Майкл Фишер жана анын топ-менеджерлери менен жолугушуп, маалымат алмашышкан. Ошондой эле иш кызуу жүрүп жаткан карьерге, мөңгүлөргө, Петров көлүнө барышып, абал менен ичинен таанышып кайтышкан. Жалпы топтун ичинен атайын эки адис ишти терең иликтөө максатында Майкл Фишер жана анын топ менеджерлери менен өзүнчө жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бирок, азырынча алардн отчету чыга элек. Ал эми экинчи топ 7-11-августь күндөрү иш жүргүзүшкөн. Бул топту «Кыргызалтын» ААКсынын төрага орун басары Кылычбек Шакиров жетектеген. Топтун жалпы курамы 24 адам болуп, анда AMEC компаниясынын адистери, мамлекеттик геология жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиктеринин өкүлдөрү, илимдер академиясынын мүчөлөрү барышкан. Булардан сырткары Жети-Өгүз районунун жергиликтүү кеңешинен 5 депутат кошулган. Кылычбек Шакировдун айтымында сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде өткөн. «Кумтөр» компаниясынын жетекчилиги өздөрүнүн маалыматтарын, долбоорлорун көрсөтүшкөн. Ошол эле учурда илимдер академиясы дагы өздөрүнүн маалыматтары, долбоорлорун айтышкан. Айта кетүүчү жагдай Кылычбек Шакиров Кыргызстандын атынан «Центерранын» директорлор кеңешинин үчүнчү мүчөсү болуп шайланган. Ага байланыштуу ал директорлор кеңешинин ички маалыматтарын уруксатсыз сыртка чыгара албайт. Бирок, «Кумтөр» маселесинин тегерегинде Кыргызстандагы абал өтө саясатташып кеткендигин «Центерранын» өкүлдөрү айтып жатышкандыгын билдирди. Бирок, биз парламенттик республика болгондон кийин маалыматтардын ачык жана кеңири болушун колдойбуз дейт Кылычбек Шакиров. ««Центерра» «Кумтөр» маселеси боюнча утуш болсо эки жак бирдей утат, утулса эки жак бирдей утулат. Муну алар деле жакшы түшүнүп турушат» деп билдирди. үстүбүздөгү жылдын 17-августунда «Центерра» менен түз сүйлөшүүлөрдүн фазасы башталат. Кылычбек Шакировдун айтымында маалыматтарды алмашуу жана топтоо фазасы аяктады. «17-августта баштала турган сүйлөшүүлөрдүн фазасы өтө манилүү фаза. Жуманын аягында биздин консультанттар, «Центерра Голд Инк.» корпорациясынын жетекчилиги өздөрүнүн консультанттары менен келишет. Анан сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Азыркы тапта жол картасы бекитилген, бардык маалыматтар чечим кабыл ала турган Консультативдик кеңешке берилет», – дейт Кылычбек Шакиров. Сүйлөшүүлөргө КР өкмөтүнүн жумушчу тобу, «Кыргызалтын» ААКсы, Pricewaterhouse Coopers консультанттары, AMEC Earth & Environmental UK Ltd, DLA Piper UK LLP, Cormark Securities канадалык компаниясынын консультанттары катышат.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru