Айбат » Араван, Кызыл-Кыя цемент заводдоруна нааразычылыктар күчөдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Араван, Кызыл-Кыя цемент заводдоруна нааразычылыктар күчөдү

цемент завод

Кадамжайдын Орозбеков айылында элдин нааразычылыгы күчөп, жол тосконго чейин барышкан. Анын себеби Ош облусундагы Араван “Даннур Юг” цемент заводу менен Кызыл-Кыя шаарындагы “Түштүк кыргыз цемент” заводу цементке кошулуучу сырьего өтө төмөн салык төлөгөндүктөн Орозбеков айылынын эли адилетсиз төлөмдөргө нараазы. Аталган цемент заводдор Орозбеков айыл округуна караштуу “Надир Кен” участкасынан цементке кошулуучу таш ташышат. “Араван цемент заводу 2007-жылдын 3-июлунан 2012-жылга чейин 1 250 сомдон, Кызыл-Кыя цемент заводу болсо 2007-жылдын 3-июлдан бери ошол эле нарк менен төлөп, 2011-жылдын 1-мартынан баштап,айыл өкмөтүнүн жаңы келишиминин негизинде айына 4 166 сом төлөшүүдө. Бүгүнкү күндө жөнөкөй таштын бир машинасынын басы 2 500-3 000 сом болуп жатат. Элди шылдың кылгандай аз акы төлөп, таштарыбызды алып чыгып кетип жатат”, – дейт жергиликтүү депутат Абдинаби Назарбаев.

Ташылган таштарды иликтөөгө алган Орозбеков айылдык депуттарынын маалыматы боюнча, “Надир Кен” участкасынан ташылган таштын химиялык составында гематит жана магнетит бар. Гематит 53,48%, магнетит 58, 38 %га чейин курамын түзөт. Гематиттен эмнелер жасалат? Автоунаага керектелүүчү боектор, калемдин боектору, суунун астында тоёо турган цементке кошулуучу химиялык заттар бар. “Элдин байлыгы элге иштеши керек”, – дейт Орозбеков айылынын тургундары. Кызыл-Кыя цемент заводунун заводунун жеткечилигинин берген маалыматына кайрылсак, 2012-жылы жер кен байлыктарын иштетүү боюнча 39 742 650 сом мамлекетке төлөптүр. Кызыл-Кыя цемент заводунун күнүнө 3 000-3 300 тонна цемент өндүрөт. Аны акчага айландырганда 5 сом 40 тыйындан сатылганда 16 млн 200 сом болот. Өндүрүлгөн цементтин кеткен чыгымы 2 сом 50 тыйын, 3 сомго чейин түзөт. 16 млн.дун жарымы чыгымга кетсе бир күндө 8 миллион сом пайда көрүүдө.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru