Айбат » 15-август акыйкатчы кызматы үчүн атсалышууну каалаган талапкерлердин арызын кабал алуунун акыркы күнү болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » 15-август акыйкатчы кызматы үчүн атсалышууну каалаган талапкерлердин арызын кабал алуунун акыркы күнү болду

креслоЖогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдиргендей, 13-августка карата акыйкатчы кызматы үчүн атсалышууну каалаган талапкерлердин саны 28 адамга жетти. Алар:

1.Нурлан Мотуев – жеке ишкер;

2. Рахатбек Касымалиев – К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин юрист-консультанты;

3. Рита Карасартова – КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти;

4. Асия Сасыкбаева – Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары;

5. Чолпон Койчуманова – КР Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун илимий катчысы:

6. Дилшад Нажмидинов – Бишкек ШИИБ Биринчи Май районундагы 8-шаардык милиция бөлүмүнүн тескөөчү инспектору;

7. Өмүрбек Рыскелдиев – юрист;

8. Мухтар Кожошев – КР акыйкатчысынын орунбасары;

9. Акылбек Ташбулатов – «Эларалык коргоого көмөктөшүү борборунун» директору;

10. Досаалы Иманбердиев – КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкы илимий кызматкери;

11. Нурбек Токтакунов – «Прецедент өнөктөштүк топ» коомдук уюмунун директору;

12. Талант Бапаев – жеке адвокат;

13. Кубан Адыл уулу – Бишкек шаарынын 1-Май районунун улук прокурору;

14. Рыскул Бактыбаев – Чүй облусунун прокурорунун орунбасары;

15. Гүлгакы Мамасалиева – «Интербилимдин» Ош кеңсесинин менеджери;

16. Токторбек Ашыркул уулу – КР ЖК депутатынын консультанты;

17. Тыныбек Ажимаматов – «Семамед» медициналык борборунун медициналык илимий консультанты;

18. Маматурайим Момунов – убактылуу иштебейт;

19. Турдали Орозбаев – КР Тышкы иштер министрлигинин кадрлар резервинде иштейт;

20. Темиркул Тейишов – КР Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыз кылуу департаментинин бөлүм башчысы;

21. Шермамат Мамажунусов – жеке ишкер;

22. Абиба Мааткасымова – «Наима» коомдук фондунун директору;

23. Айнуру Алтыбаева – КР ЖК депутаты;

24. Кылычбек Досумбетов – КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин басмасөз катчысы;

25. Тургунбек Нарикеев – убактылуу иштебейт;

26. Акжолтой Тукунов – Бишекек шаарынын Биринчи Май районундагы «Тазалык» чакан ишканасынын инспектору;

27. Эмилбек Базаркулов – Бишкек шаарындагы түзөтүү жайларын көзөмөлгө алуу боюнча прокурордун улук жардамчысы;

28. Эрмамат Кожакматов – жеке адвокат.

Эске салсак, ушул жылдын 3-июлунда Жогорку Кеңеш КР акыйкатчысынын бош орду үчүн талапкерлерди каттоону жарыялаган. Акыйкатчынын кызмат ордуна фракциялардан сунушталган талапкерлердин документтерин кабыл алуу ушул жылдын 15-августунда аяктайт.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru