Айбат » Чыныбай Турсунбеков: «Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы сентябрь айында башталат»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Чыныбай Турсунбеков: «Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы сентябрь айында башталат»

Турусбеков Чыныбай

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков мындай пикирин 14-август күнү Кадамжай районундагы шайлоочулар менен болгон жолугушууда билдирди. «Учурда бийлик коррупция менен аесуз күрөш баштады. Министрлер, депутаттар, соттор соттоло баштады. Эми коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабы сентябрь айында башталат. Мүмкүн Башкы прокуратура айрым депутаттарды кол тийбестигин ажыратып бергиле деп парламентке кайрылышы ыктымал», — деди ал. Депутат коррупция менен күрөшүүдө жакында эле белгисиз адамдар атып кеткен Бостери айылдык кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Чынара Молдошева сыяктуу партия мүчөлөрү да жабыр тартып жатканын кошумчалады. Ал эми кызыл-кыялыктар тоо-кен адистерин даярдоого Өкмөт комплекстүү мамиле жасашса деген пикирин билдиришти. Анткени, тоо-кен тармагын иштетүүдө адистердин жетишсиздигинен улам чет элдиктер иштетип, жергиликтүү эл менен көп учурда талаш маселелер жаралып жатат. Депутаттар буга макул экенин айтышты. Жолугушуудан соң депутаттар Кызыл-Кыя шаарындагы ремонттолуп жаткан оорукананын жана 140 орунду бала бакчанын курулуш иштери менен таанышты. Эскерте кетчү жагдай, КСДП фракциясынын лидери Ч.Турсунбеков, депутаттар А.Кутушев, М.Мадеминовдор 12—14-августта Баткен облусун кыдырып, шайлоочулар менен жолугушушту. Эми алар 22-августка чейин Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырып шайлоочулары менен жолугушат.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru