Айбат » Москвада зордуктоого шектүү делип кыргыз жараны кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Москвада зордуктоого шектүү делип кыргыз жараны кармалды

наручники

Москвада зордуктоого шектүү делип издөөгө алынган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Москванын Түндүк-Чыгыш административдик округунун ИИБнын басма сөз кызматынын кызматкери Ольга Терещенкова билдирди. Анын айтымында, 2009-жылдын февралында Москванын тургунунан анын жашы жете элек кызын бейтааныш адам зордуктап кеткендигин айтып арыз менен милицияга кайрылган. Бул факт боюнча процессуалдык чечим кабыл алынып, тергөө иштери башталган. Ыкчам топ кылмышка шектүү делген адамын өздүгүн тактап, бирок ал изин жашырып кеткендиктен издөө жарыялашкан. “Жакынкы күндөрү Жол коопсуздугу мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери 29 жаштагы Кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан автоунааны токтотуп текшерүүгө алышкан. Документтерин текшерген учурда ал кылмышка шектүү делип издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат,- дейт Терещенкова.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru