Айбат » Жумгалдан Бангладешке кеткен эки окуучу кайтып келди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалдан Бангладешке кеткен эки окуучу кайтып келди

БангладешБул тууралуу Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кыдыралиев маалымдады. 2012-жылы аталган райондогу 10-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн Бангладешке диний билим алуу үчүн кетип жатканы дайын болгон. Бул боюнча УКМКнын жергиликтүү бөлүмү маалымат таратып, иш текшерилип жатканын билдирген. Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматында, буга чейин үчөө кайтып келген эле. Эми дагы экөө кайтып келди. Алар райондогу медреседе жана кесиптик окуу жайларда билим алып жатышат. Калган төрт өспүрүмдүн кандай шартта билим алып жатканы тууралуу маалымат жок. Кыргызстан менен Бангладеш ортосунда билим берүү кызматташтыгы тууралуу расмий макулдашуу жок.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru