Айбат » Саясый топтордун кызыкчылыгына бөгөт коюлдубу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Саясый топтордун кызыкчылыгына бөгөт коюлдубу?

Сулайман тоо

Президент Алмазбек Атамбаев «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамды кайрадан иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. Бул чечим коомчулукта кызуу талкуу жаратып, көпчүлүгү президент «жети өлчөп, бир кесип», ушундай кадам таштаганын айтышууда. Мыйзамдын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев дагы Атамбаевдин мындай позициясын колдоорун билдирди.

Өлкө башчысы өзүнүн чечимин беш пунктан турган жүйөө келтирип чечмелептир. Эң эле олуттуу жагдай – «Ош шаарына мэр болчу кишинин мамлекеттик, муниципиалдык же жеке менчик ишканада он жылдык жетекчилик стажы болушу керек» деген шарттын коюлушу мыйзамдын четке кагылышына себеп болгон. Бул биринчиден «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамга карама каршы келери белгиленет. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын 42-беренесинин талаптарына ылайык, жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар жаран башка шаарлардын мэри боло алат. Ош шаарынын мэри үчүн башка шаарлардын мэрлерине иш стажы боюнча талаптардан кыйла деңгээлде аша чаап кеткен талаптарды белгилөө ушул кызмат ордуна талапкер боло алган, жогорку башкаруучулук сапатка ээ болгон адамдардын чөйрөсүн кыйла тарытат деп эсептейм» деп жазылат президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмү тараткан билдирүүдө.

Мыйзамдын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев президент туура чечим кабыл алганын шардана кылды. Анын айтымында, «10 жылдык жетекчилик стажы болушу керек» деген талапты «ата журтчу» Курмантай Абдиев менен Надира Нарматова коштурган. «Ош шаар башчылыгына талапкерлигин койчу адамдарга 10 жылдык стажы болушу керек деген талап коюлушу туура эмес деп эсептейм. Менимче, президент да ушуга өзгөчө көңүл бурса керек. Кайсы бир саясый топтордун кызыкчылыгы үчүн мыйзам кабыл алынбашы абзел» дейт Текебаев.

Саясый топтордун кызыкчылыгы демекчи, эркин гезиттердин биринде биз сөз кылып жаткан мыйзам туурасында кызык макала жарыяланган эле. Макалада Акматбек Келдибеков Мелисбек Мырзакматовду ээрден оодарып түшүү максатында партиялаштары Н.Нарматова менен К.Абдиевди тукуруп, атайылап ушул шартты кыстартканы төмөнкүчө баяндалат: «Н.Нарматова менен К.Абдиев коомчулук астында Мырзакматовдун таламын талашкандай түр жаратып, көшөгө артында ага «ор» казганбы?» деген суроо жаралары шексиз. Суроонун жандырмагын чечкенге аракет кылалы. Надира Азимовна менен Курмантай Абдиевич партиялашы Акматбек Келдибековдун командасында жүрүшөт. А бүгүнкү реалдуу жашоодо өлкөнүн түштүгүндөгү лидерликти талашуу Акматбек мырза менен Мелисбек мырзанын ортосунда жүргөнү элита чөйрөсүнө дайын. «Мындан улам, Абдиев менен Нарматова Келдибековдун келечегин ойлоп, Мырзакматовду мыйзамдуу түрдө «тээп» түшүүнү көздөшкөнбү?» дегендей жоромол тар чөйрөдө кызуу талкууланууда». Мунусуна караганда, Акматбек мырза мыйзам аркылуу Мырзакматовду жалпайта чаап, аны акырын бийликке оодара салгысы келгендей. Эгер президент мыйзамга кол коюп салганда Мелисбек Жоошбаевич талапкерлигин кое албай, ал дагы бөлөк саясатчыларга окшоп таламдаштарын көчөгө жетелеп чыкмак. Бул албетте кырдаалга кедергисин тийгизмек. Жыйынтыгында А.Келдибековго окшогон саясатчылардын айынан стабилдүүлүк бузулмак. Келдибеков жана анын «камчы чабарлары» Нарматова менен Абдиевдин көздөгөн максаты ушул болгондур? Бул жагынан алганда, президент туура кадам жасаганын көрөбүз. Мындан улам: «Президент Мырзакматовду ойлоп эле мыйзамды артка кайтарган турбай?» деген суроо жаралышы ыктымал. Ал эми Өмүрбек Чиркешович ага таптакыр кошулбайт, ал мыйзам «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамга карама каршы келерин баса белгиледи. «Жо-ок, президент Мырзакматовду ойлогонунан эмес, жалпы талапкерлердин укугун коргоп ушундай кадам таштады. Бөлөк шаарларга мэр болчу адам мамлекеттик, муниципиалдык же жеке менчик компанияларда 3-5 жылдык эмгек стажы болушу керек деген норма бар. Ал эми Ош шаар башчылыгына талапкерлигин койчу адамдарга 10 жылдык стажы болушу керек деген талап коюлушу туура эместигин дагы бир жолу кайталайм» деген Текебаев кебин бышыктады.

Парламенттеги оппозициялык фракциянын өкүлдөрү, мисалы, «ата журтчу» Курманбек Осмонов жогорудагы чечимди колдоп чыкты. Анын билдиришинче, 10 жылдык эмгек стажынын талап кылынышы өтө күчөтүлгөн талап, эгерде адамдын дээринде болсо эч кандай стажы жок деле жакшы жетекчи болуп кете алат, дээринде жок болсо 30-40 жылдык эмгек стажы менен деле эч нерсени кыйрата албайт. Мына ушунун өзү президенттин мэр болчу адамдардын конституциялык укугун коргоп, бардыгына бирдей шарт түзүп берүүгө аракет жасаганын айгинелейт. Ал эми мыйзам долбоорун кайрадан парламенттин кароосуна жөнөтүлүп, компромисттик вариант иштелип чыгышы керек. Эгер Курманбек Эргешович айткандай, 10 жылдык эмгек стажы деген күчөтүлгөн талап же Текебаев айтмакчы, саясый топтордун саясый кызыкчылыгын коргогон талаптар коюлбаса, анда президент оңдолгон вариантка кол коюшу ыктымал. Албетте, анда да Атамбаев мэрликке талапкерлердин конституциялык укугун коргоп, Кыргызстандагы кырдаалды туруктуу кармоону башкы планга коеру шексиз.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru