Айбат » Мухтар Байсаков, бокс боюнча спорттун чебери, машыктыруучу: “Спорттон жакшы гана нерселерди таптым”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Мухтар Байсаков, бокс боюнча спорттун чебери, машыктыруучу: “Спорттон жакшы гана нерселерди таптым”

Байсаков

- Мухтар мырза, канча жашыңыздан баштап спортко келип калдыңыз?

-15-16 жашыман тартып.

-Кандай ийгиликтерди багындыра алдыңыз?

-Бир нече жолу Кыргызстандын чемпиону болдум. Д. Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште жеңүүчү атандым. Азиялык эларалык турнирде экинчи орунду камсыздадым. Ирандан үчүнчү орунду ээлик кылдым. Эстония, Казакстан ж.б. мамлекеттерден жеңиштерди камсыздай алдым.

-Азыркы жаңы муун менен сиздердин убактардагы муундун кандай айырмачылыктарды көрө алдыңыз?

-Жаңы муундун бир аз жүүнү бошураак. Бир аз кыйынчылктарга чыдамсыз келишет. Анткен менен спортко болгон кызыгуулары артып келгени кубандырбай койбойт. Биздин учурдагы муун абдан тырышчаак жана иштерман экендигибиз байкалып турат.

-Сиздин спорттук карьераңызга кимдер көмөктөш болуп, өз салымдарын кошуп келди?

-Урмат Кадыркулов абдан жардам берип келди. Ал кандай гана деңгээлдеги таймаштарга аттанмайын бардыгына колдоо көрсөтүп, акчалай жана моралдык жардамын эч аябады. Андан тышкары азыркы маалда айрым көрүнүктүү инсандарыбыз Дуйшөн Ирсалиев, Ишенбеков Урмат  жана районубуздагы бизнесмендер,соода түйүндөрүү , меценаттарыбыз колдоп келишүүдө.

-Алдыда кандай пландарыңыз бар?

-Албетте, бардыгы каражатка барып такалган заманда, мамлекет бул жаатка абдан көңүл буруусу зарыл. Андан тышкары меценат, бизнесмен эже-агаларыбыздан үмүт этип турабыз. Каражат болсо эле көмүлүп жаткан көйгөйлөр четинен чечилип, ийгиликтерди багындыра баштайбыз деген үмүт чоң.

-Сиз жашаган Кочкор аймагында жаштарды ынтымакка чакыруу туурасында иштерди жасап жатканыңыздарды угуп калабыз. Бул жаатта кандай иштерди жасап жатасыз?

-Албетте, эми биз спорт ышкыбоздордун башын бириктирүү жаатында, анча-мынча иш-чараларды көрүп калабыз. Өзүмдүн демилгем менен спорттун ар кандай түрү менен спорттук беттештерди уюштуруп турабыз. Жакынкы аралыкта да биздин муундун өкүлдөрү биргеликте атайын турнирлерди өткөрсөкпү деп турабыз.

-Спорттон эмне таптыңыз жана жоготтуңуз?

-Уттурганым болгон жок. Жалаң гана утуштун үстүндөмүн. Биринчиден ден-соолукка пайдалуу… Чөйрө жакшы тарбиялайт, так иштерди жасаганга үйрөнөсүң…

-Жаш спортчуларга кеңештериңизден айта кетсеңиз?

-Биринчиден жан дүйнөнү оңдош керек. Андан соң бардыгы өз нугу менен кете берет. Спортту сүйүп, ынтымакта ийгиликтерди багындырууга көнгүлө демекчимин.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru