Айбат » Күз тууралуу айың кеп, энергетикалык көз карандысыздык жана митингден чарчаган эл

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат, Энергетика » Күз тууралуу айың кеп, энергетикалык көз карандысыздык жана митингден чарчаган эл

туман

Кыргызстан «жазында революция болот экен», «күзүндө революция болот экен» деген ушактардан арылбай койду. Эл сарсанаа болуп жазды күттү эле, Кудайга шүгүр, жаз тынч эле өттү. Эми күз тууралуу айың-кептердин арты үзүлбөй турат. Парламент таркап, жаңы шайлоолор болот экен деп айрымдар штабдарды да ачып жиберишти. Балким, бул оппозициянын атайын тандап алган тактикасыдыр. Элди ызы-чуу кылып, будуң-чаңга салып турууну каалап аткан чыгар. Анткени, катуу бурулуш кылып жибергидей эл арасында массалык нааразычылык жок. Эл тынч жашоону каалап атат. Бийлик болсо аздыр-көптүр өз аракетин көрүп, иштеп атканы байкалат.

Энергетикалык көз карандысыздыктын карааны

Кыргызстан өзүнө стратегиялык өнүгүүнүн багытын көрсөткөн «Жол картасын» бекитип алганы маалым. Дал ушул стратегиялык өнүгүү программасынын алкагында энергетикага өзгөчө кам көрүлүп атат. Бул программа боюнча энергетика тармагы боюнча 16 долбоор кирип, анын 12си ишке ашырылууда. Быйыл 3-июлда Жалал-Абад облусунун Акман айылында 500 кВтык «Датка» көмөкчү чордону курулуп бүттү. Анын алкагында110 кВтык «Айгүлташ-Самат» электр чубалгысы, 248 чакырымга созулган 220 кВтык электр чубалгасы тартылды. Аны менен катар Кристалл, Төрөбаев, Узловая, Алай жана Айгүлташ көмөкчү чордондору модернизацияланды. Бул иштердин жасалганы Түштүк облустары электр энергиясы менен толук камсыз болду дегенди түшүндүрөт. Муну менен эле токтоп калган жок. 2015-жылы өлкө түндүгүндөгү«Кемин» көмөкчү чордону курулганы турат, «Датка» «Кемин» ортосундагы 500 кВтык жогорку чыңалуудагы чубалгыларды тартуу аяктайт. Орусия менен биргеликте курулуп аткан Жогорку Нарын каскаддарындагы ГЭСтерди да айта кетпесе болбойт. Бул курулуштардын аякташы менен Кыргызстан толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишет. Анткени, азыркы учурда өзүбүздүн энергиябызды өзүбүзгө берүү үчүн кошуналар аркылуу алып келип, аларга транзиттик кызматы үчүн акча төлөйбүз. Эми Кыргызстан өзүн гана толугу менен камсыз кылуу менен чектелбей, башка өлкөлөргө энергетикасын экспорттой да алат.

Айыл чарба унутта калган жок

Демейде өкмөттөрдү айыл чарбасына көңүл бурбайт деп сындап келебиз. Бул жолу бул багытта да дурус иштер аткарылгандай. Кыргызстанда дыйкандар жыл сайын эле айыл чарба техникаларына муктаж болуп келет, жаңысын сатып алайын десе акчасы жетпейт. Дыйканга бул багытта жардам катары өкмөт лизинг системасын өнүктүрүүгө бет алганы жакшы нерсе. Кыргыз Өкмөтүнүн чечими менен Түрк Республикасынын насыясына, Япония, Кытай өкмөттөрүнүн кайтарымдуу гранттарына Айыл Банк аркылуу жалпы наркы 232,8 млн. сомдук 225 даана тракторлор сатылып алынды. Эми бул техникалар фермерлерге лизингге 7 жылдык мөөнөткө берилет. Учурда республика боюнча 174,0 млн.сомго 190 трактор сатылып алынып, фермерлерге берилди.

Жаңы имараттар курулууда

Митинг-пикет, ызы-чуулар болгон жерде курулуш иштери токтоп калчу эле. Бирок, Кудайга шүгүр, мындай нааразычылык акцияларына карабай өлкөдө жаңы мектеп, оорукана, курулуштар курулушун токтотподу. Үстүбүздөгү жылы капиталдык салымдар үчүн 2 млрд. 400 млн.сом каражат каралган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 800 млн. сом көп дегенди түшүндүрөт. 2013-жылы Капиталдык салым беренеси боюнча 178 курулуш объектиси каржыланат. Алардын ичинде Баткен областынын чек ара боюндагы аймактарын таза суу менен камсыздоо системалары, Жумгал жана Лейлек райондорундагы Көкө-Мерен дарыясындагы көпүрө, Бишкек шаарындагы унаа жолдорунун курулушу, Нарын шаарындагы негизги суу топтомо жана суу менен камсыздоо системасы реконструкцияланышы, облустун борборундагы суу тазалагыч тутумдардын курулушу, Чолпон-Ата шаарындагы суу тазалагыч тутумдардын курулушу, Түп-Кеген, Айгүл-Таш-Согмент- Таян унаа жолдору курулушу сыяктуу иштер бар. Бул өкмөт өзүнө жаңы окуу жылынын башталышына республика боюнча чатыр мектептер калбашы керек деген тапшырма койгон. 1-сентябрга карата өлкө боюнча каржылоонун баардык булактары аркылуу 63 мектеп ишке берилгени турат, жыл аягына чейин 15тен ашык саламаттык сактоо объектилери курулат.

Жаңы өнөр жай ишканалары курулууда

Кандай гана ишкана болбосун, курулганы өлкөбүздүн экономикасы үчүн маанилүү. Кара-Балта шаарында август айында мунайды кайра иштетүүчү Джунда заводу ачылып, жарым-жартылай ишке берилет. Бул завод жылына 800 миң тонна продукция өндүрүп, жаңы жумуш орундары менен камсыз кылат. Заводдун жумушчуларынын 90%ы Кыргызстандын жарандарынан кабыл алынат. 2013-жылдын IV-кварталында Таш-Көмүр шаарында ферро ээритүүчү заводдун биринчи меши ишке кирет. 2013-жылдын аягына чейин кубаттулугу 50 миң тонналык Биринчи меш ишке берилет. Завод толук ишке киришсе, жыл сайын 200 миң тонна продукция өндүрөт. Төрт жылдан бери токтоп турган Кайыңды кабель заводу иштей баштады. Ишкана атамекендик энергетика компанияларынын 3 миллион сомдук буюртмасын аткарды. 2013-жылдын аягында Талды-Булак Солжээк алтын кенинде өндүрүш иштери башталат. Келерки жылдын биринчи кварталында «Бозумчак» алтын комбинаты ишке киришет.

Өсүү байкалат…

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 7,9%ды түзөт. «Кумтор» ишканасын эсепке албаганда экономиканын өсүшү 5,5 пайызга жетет.2017-жылга чейинки мезгилде экономиканын өсүшүн жыл сайын 7 пайызга жеткирүү каралган. Акыркы жылдарда экономиканын өнүгүүсүндө жеке сектордүн үлүшү өсүүдө. Аны менен катар өкмөт бюджеттик кызматкерлерге, аз камсыз болгон үйбүлөлөргө камкордук көрүүнү да унутта калтырган жок. Студенттердин стипендиясынын көбөйүшү дагы аларга стимул берип турат. Студенттер 2005-жылдан бери 276 сом стипендия алышса, 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап 800 сом алышат.

Сынак

«Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары» Жабык акционердик коому Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу долбоорунун айлана-чөйрөгө келтире турган зыянын эсептеп чыгуу үчүн сынак жарыялады
«Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялары» Жабык акционердик коому 13-августта «Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу долбоору үчүн айлана-чөйрөгө тийгизиле турган зыянды баалап, иштеп чыгуу» боюнча келишим түзүүнү каалагандарга атайын ачык сынак жарыяланды.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru