Айбат » Батышчыл Равшан Жээнбековдун көздөгөнү эмне?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Батышчыл Равшан Жээнбековдун көздөгөнү эмне?

жээнбеков

Эки сөзүнүн бири Батыштын саясаты болгон эл өкүлү Равшан Жээнбеков ат тезегин кургатпай Америкага каттап турарын жакшы билебиз. Батыштан каржыланып, Батыштын саясатын жүргүзүп жатканын кыргыз ММКлары жакшы эле жазышкан. Муну Равшан Жээнбеков өзү деле четке каккан эмес. «Туура, мен батыштын саясатын колдойм, ошентип жаза бергиле» дегени бар. Эми жакында Америкага барып АКШнын Юстиция министрлиги жана Мамдепартаментинин өкүлдөрү менен жолуканын жарыя кылды. Анын айтуусу боюнча, Америка Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаларды кайра кайтарууга жардам көрсөтөт экен. «Бакиевдер көптөгөн кылмыштарга күнөөлүү, анын ичинде мыйзамсыз табылган акчаларды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча дагы бар. Мен АКШнын Юстиция министрлиги менен Мамдепартаментинин өкүлдөрү менен жолугуштум. Алар кыргыз бийлигин колдогонго даяр. Эгерде биз алардын күнөөлөрүн эл аралык процедуралардын негизинде аныктап бере алсак. Бардыгы өзүбүздөн көз каранды» дейт Равшан мырза.

Ырасын айтканда АКШ Максим Бакиевдин АКШдагы банктарда сакталган акчаларын тоңдуруп койгондугун экономика министри Темир Сариев деле биринчилерден болуп билдирип чыккан. Бирок, айрым саясатчылар муну Сариевдин кезектеги «өрдөгү» деп айтып чыгышкан эле. Ырас, Бакиевдердин Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып кеткен акчаларынын кайра аркага кайтарылышына АКШнын жардам бере тургандыгы жакшы жөрөлгө. Бирок, Кыргызстан Америка базасынын чыгып кетишине каршы болгон Равшан Жээнбековдун капыл-тапылынан АКШга барып, элибиздин кызыкчылыгын «ойлоп» калганы кызык болуп атат. Балким, Американын Юстиция министрлиги менен Мамдепартаментинин өкүлдөрү менен дагы башка маселелер тууралуу сүйлөшкөндүрсүз Равшан мырза. Аны деле ачык айтып койбойсузбу? Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде батыш өзүнүн саясатын жүргүзүп, түрдүү будуң-чаңдарды жасап жатканын көрүп турабыз. Ошолордун бардыгы ошол өлкөлөрдөгү ички күчтөрдүн жардамы менен, Батыштын акчасы менен жасалып жатканын кайда катабыз? Кыргызстанда батыштын саясатын жүргүзгүсү келген Равшан Жээнбековдун деги көздөгөнү эмне болду экен?..

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru