Айбат » Алтын кендерин иштетүү зыянбы, же алтын кендерин шылтоолоп ызы-чуу салгандардын аракети зыянбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Алтын кендерин иштетүү зыянбы, же алтын кендерин шылтоолоп ызы-чуу салгандардын аракети зыянбы?

Белаз

Ушундай бир заман келди: билими күчтүүлөрдүн айткан кептери кулак сыртынан кетип, билеги менен дымагы күчтүүлөр өлкө ичиндеги саясатка каалагандай чалмакей чалышып, каалаган жактарынан кулак чыгара башташты. Өзгөчө экинчи революциядан кийин эски бийликтин акырынан жем жеп көнүп калгандар, эсил кайран эски «дооронун» сагынышып, Кыргызстандын экономикасын буттан чалып жыгууга, эптеп эле бүгүнкү бийликти элге жаман көргөзүп, өз көмөчтөрүнө күл тартууга далалат жасашууда. Азыркы тапта бардык саясатчылардын көтөргөн лозунгдары жалгыз гана «Кумтөр» маселеси. Анысы аз келгенсип, өлкө экономикасын көтөрүү багытында өкмөттүн кен байлыктарды иштетүү аракеттерине жолтоолук жаратышууда. Алардын мындай далалаттарынын себеби бирөө гана – алтын кендерин иштетүү экологияга оор зыянын тийгизет имиш. Ырасын айтканда мындай пикирди жайылтуу менен шугулданып жүргөн саясатчылардын аракеттерин ишке ашырып жаткан карапайым адамдар экология деген эмне экендигин дагы жакшы түшүнүшпөйт. Ал эми алардын артындагы саясатчылардын айрымдары түшүнүп турса да түшүнгүсү келбейт. Болбосо, таптакыр эле түшүнүгү жоктор. Түшүнгөндөрү бүгүнкү бийликтин жасап жаткан аракеттери оң натыйжасын берип, өлкөбүздүн очорулуп отурган экономикасы өйдө көтөрүлүп кетсе, «Биздин кадыр-баркыбыз таман алдында тепселип, эски былык иштерибиз үчүн жооп берип калабыз» деген коркунуч менен жашап, ушундай эле коркунучту алдын алуу аракетинде. Бирок, тарых тастыктап келаткандай эзелтеден эле акыл менен билим жеңишке жетишип келген. Андыктан «алтын кендерин иштетүү экологияга өтө оор зыян тийгизет» деген учурмалар алыска учпай эле топ этип жерге түшө баштаганын байкасак болот. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кече жакында эле Баткен жергесине иш сапары менен барып, шаардын так ортосунда жайгашкан Айдаркен сымап комбинатынын иши менен таанышып чыкты. Мына ушул иш сапарында өкмөт башчы алтын казып алуудан экологиябызга өтө олуттуу зыян тийбей тургандыгын билдирди. «Мамлекеттин өнүгүшү үчүн саясый туруктуулук башкы орунда. Саясый туруксуздукка кызыкдар топтордун бирине алтын казып алуудан районго зыяндуу таасирлер тийип жатат деп кыйкыргандар кирет. Бирок, кээ бир ызы-чуу салып, алтын кенин иштетүү экологияга терс таасирин тийгизип жатат дегендердин аракеттери саясый оюн экендигин жана өтө эле аша чаап айтылган сөздөр экендигин шаардын борборунда жайгашкан Айдаркен сымап комбинатынын жарым кылымдан ашуун убакыттагы иши дагы бир жолу тастыктап турат», – дейт өкмөт башчы. Демек, мамлекеттик жогорку кызматтагы адам мындай пикирин жөн салды эле айта бербейт. Тажрыйбалуу адистердин пикирине таянып айтып жатат. Ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиев экологияны шылтоолоп кендерди иштетпегендин ордуна аларды иштетүүгө бардык шарттарды түзүп берүү керек экендигин билдирди. Ырасын айтканда өкмөт башчынын айтканында олуттуу жүйөө бар. Себеби, жарым кылымдан ашуун убакыттан бери иштеп жаткан Айдаркен сымап комбинатынан экологияга да, адам баласынын ден-соолугуна да олуттуу зыян тийгендиги тууралуу айтыла элек. «Комбинаттын мурунку 45-50 жыл иштеген айрым жумушчуларынын арасында 100 жылга чейин жашагандары бар. Алтынга караганда сымапты иштетүү оор жана терс таасири көбүрөөк. Жакынкы аралыкта жаңы жерлерди чалгындоо иштерин баштайбыз. Мындай жол менен, биз комбинаттын өндүрүмдүүлүк кубаттуулугун эки эсе арттырабыз», – дейт комбинаттын башчысы Толубай Салиев. Демек, алтын иштетүүгө караганда сымапты иштетүүнүн терс таасирлери көбүрөөк болсо, анда алтын кенин иштетүүгө атайын каршы аракеттерди көрүп жаткандардын кандай максаттары бар экендиги ачык эле көрүнүп турат. Андыктан алтын кендерин иштетүүдөн экологияга оор залакасы жок экендигин, тескерисинче аны иштетпей, өлкө экономикасын белге чабууну көздөп жаткандардын аракети олуттуу зыян алып келерин аңдап түшүнсөк болот.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru