Айбат » Абдрахманов жатындаш тууганын дагы танабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Абдрахманов жатындаш тууганын дагы танабы?

Абдрахманов

Техникасы өнүккөн заманда адамды алдай албайсын. Мисалы, Американын демократиясын пропагандалагандан тажабаган, ар дайым акыйкаттыкты сүйлөйм деген эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов деле каратып туруп калп айтат экен. Ал жергиликтүү агенттиктердин бирине курган маегинде Тынчтык Абдрахманов аттуу тууганын жардамчылыкка албаганын билдирди. «Менин Тынчтык Абдрахманов аттуу жардамчым жок, мындай тууганым бар. Бирок, мен аны жардамчылыкка, керек болсо коомдук башталыштагы жардамчылыкка алган эмесмин, бул этикага сыйбайт» дейт ал.

Абдрахмановдун кебине ишенели десек, интернеттеги социалдык түйүндөрдө өзүн Ө.Абдрахмановдун коомдук жардамчысы катары тааныштырган Тынчтык Абдрахманов аттуу жаран автоломбарддан «Ренджовер» үлгүсүндөгү машинени алып кетип, 500 долларын бербей жүргөнү жарыяланды. Кайран Тынчтык күрөөгө «коомдук жардамчы» деген күбөлүгүн таштап кетиптир. Төмөнкү сүрөттө Тынчтык Абдрахмановго берилген күбөлүк 2015-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу экендиги, ага Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Р.Ешмамбетов кол коюп, мөөрү басылганы бакырая көрүнүп турат. Мына ошол документ сүрөтү менен жарыялангандан кийин Өмүрбек мырза мындан үч жыл мурдагыны «эстептир». «Мындан үч жыл мурда тууганым Тынчтык Абдрахмановго күбөлүк бергенимди унутуп калыпмын. Бирок, андан сенсация жасоонун кажети жок. Ооба, ал автоломбардка документин таштаган, бирок, акчасын алып келгендиктен күбөлүгүн кайтарып беришти» деген Ө.Абдрахманов өтө «абийирдүү», «принципиалдуу», этиканы «сактай» билерин тастыктады.

Конкреттүү документ болгондуктан Өмүрбек мырза аргасыздан күнөөсүн мойнуна алып отурат. Анын жана Тынчтыкка окшогон туугандарынын элге билгизбей жасаган кылыктарын жакшылап иликтесе четинен чууруп чыгат го, ыя?

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru