Айбат » Кылмышкер тууганын жана анын уулун акча үчүн өлтүргөн

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Кылмыш » Кылмышкер тууганын жана анын уулун акча үчүн өлтүргөн

манякБишкек ШИИБнын жана Биринчи Май РИИБнын кызматкерлери аялды жана анын 4 жашар уулун өлтүргөн кылмышкерге тиешелүү фактынын бетин ачышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына таянсак, жансыз денелер 15-августта, болжол менен саат 19да “Ак-Босого” жаңы конушундагы жеке үйлөрдөн табылган.

16-августта Биринчи Май РИИБнын тергөө бөлүмү КР кылмыш кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-издөө иш чарасынын негизинде окуяга тийиштиги бар жаран кармалган. Ал Каракол шаарынын 28 жаштагы тургуну болуп чыкты. Маалыматка караганда кылмышкер каза болгон аялдын тууганы болгон.

Кармалган жарандын айтымында, ал интернет боюнча кумар оюндарынын сүйүүчүсү, мындан улам акчага муктаж болгон. Тууганынын үйүндө акча бар экенин билип, үйүнө түнөгөнү калган.

Болжол менен саат 23тө, кылмышкер үйдүн ээси жана 4 жашар баласы уктап жаткан бөлмөгө кирип, аялдан акча талап кылып муунткан. Андан соң 125 миң сомду алып, кайра уктоочу бөлмөгө кирген. Аялдын жана баланын баштарына полиэтилен баштыкчаларын кийгизип, үстүлөрүнө одеяло жаап койгон. Андан кийин үйдү кулпу менен бекитип, үйүнө кетип калган. Уурдалган акчаны интернет-клубдан уттуруп жиберген.

Учурда кылмышкер убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. Иликтөө жүрүүдө.

 

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru