Айбат » Августта 22 мектептин жана 1 саламаттык сактоо объектисинин курулушу бүткөрүлөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Экономика » Августта 22 мектептин жана 1 саламаттык сактоо объектисинин курулушу бүткөрүлөт

image14161462_8ec8ed341b5ba6fc4561778b4b945a3eРеспублика боюнча август айында 22 жаңы мектептин жана бир саламаттык сактоо объектисинин курулушу бүткөрүлөт. Бул тууралуу кечээ,19-августта, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев республикалык бюджеттен каржыланган “капиталдык салым” беренеси боюнча курулуп жаткан объектилерге байланыштуу маселенин алкагында жумушчу кеңешме учурунда билдирди.

Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мүдүрү Каныбек Нарбаев дин айтымында, учурда 23 объектинин сегизи толугу менен бүткөрүлдү.

“Калгандарынын баардыгы август айынын аягында бүткөрүлөт”, – деди ал.

Премьер-министр сентябрь, октябрь жана ноябрь айларынын ичинде дагы 27 ар түрдүү объектинин, анын ичинде жаңы мектептердин курулушу бүткөрүлөөр алдында турганын белгиледи. Өкмөт башчы Каныбек Нарбаевге ноябрь айына бүткөрүү иши мерчемделген объектилерди октябрда пайдаланууга берүү тапшырмасын берди.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229194




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru