Айбат » Бүгүн транспорт каражаттарына болгон салыкты төлөө мөөнөтү аяктайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Экономика » Бүгүн транспорт каражаттарына болгон салыкты төлөө мөөнөтү аяктайт

yБүгүн, 20-августта кыймылдуу мүлккө (транспорттук каражаттарына) салык төлөөнүн акыркы күнү.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, эгерде транспорт каражаттарынын ээлери салык милдетин аткарганга үлгүрө элек болсо, бүгүн иш убактысы учурунда тиешелүү салыктарын төлөп кетсе болот.

Өз убагында салык төлөбөгөн мүлк ээлерине 2 миң сом өлчөмүндөгү административдик айып салынат. Төлөм мөөнөтү аяктаган соң, эртең, 21-августтан тарта айып туум жазыла башталат.

Эске салсак, транспорт каражаттардын ээлери салыкты төлөөнүн өзүнө ыңгайын тандап ала алышат. Салыкты каалаган банк мекемелеринде, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле, «Росинбанктын» төлөө терминалдары аркылуу төлөсө болот, мындай терминалдар өлкөдө 179.

Муну менен катар, транспорт каражат ээлеринен салык бөлүмүндө салык төлөмүн туура төлөгөнгө өзүлөрүнүн салык каттоосун тактап алуусу керек. Кененирээк маалыматты Call-борбордун бирдиктүү «194» номуру аркылуу алса болот.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru