Айбат » Премьер: КРдеги ГЭСтерди курулушу сугат мезгилинде гана жардам берет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Премьер: КРдеги ГЭСтерди курулушу сугат мезгилинде гана жардам берет

b2cbd4d852179af42c193a0c7f52f6efБүгүн, 20-августта суу кызматташтыгы боюнча жыйында Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев сөз сүйлөдү.

Эскерте кетсек, жыйынды уюштуруучулар Тажикстандын өкмөтү менен Бириккен улуттар уюму.

Өз сөзүндө өкмөт башчысы мөңгүлөрдүн ээриши – аймактагы сууну рационалдуу эмес пайдалануунун жыйынтыгы экенине токтолду.

“Суу маселеси аймактагы суу энергетикалык ресурстар тармагында өз ара түшүнүшүү жана аймактагы маселелерди биригип чечүү ыкмасынын жоктугунан тереңдеп жатат. Бүгүнкү жолугушуу бизге биргелешип талкуулоого, өз ара түшүнүшүүгө жардам берет”,- деп айтты Сатыбалдиев жыйындын катышуучуларына.

Ал көмүрсуутек чийки затынын кору чектелүү болгон Кыргызстан үчүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө суу стратегиялык маанилүү жаратылыш ресурсу экенин кошумчалады.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229221




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru