Айбат » Күз айларында пенсиянын өлчөмү 11%га көбөйөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Күз айларында пенсиянын өлчөмү 11%га көбөйөт

пенсияБүгүн, 20-августта мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттип аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Соцфонддун башчысы президентке быйылкы жылдын 1-сентябрынан баштап, пенсияларды жогорулатуу боюнча пландар жөнүндө маалымдады. Индексациялоодон кийин песиялардын өлчөмү 11%га көбөйөт жана 4,554 сомду түзөт. Пенсияларды жогорулатуу 571,000 пенсионерди камтыйт. Жашоо минимумунан төмөн пенсия алган адамдардын саны пенсияларды жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча 3%га төмөндөйт жана 334,000 адамды түзөт.

Жолугушууда ошондой эле фонддун ишинин маселелери жана анын бюджетинин аткарылышы, ошондой эле Өлкөнүн пенсия тутумун өнүктүрүүнүн концепциясы талкууланды.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru