Айбат » Жумгалда биринчи жолу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан аялдамалар курулууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда биринчи жолу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан аялдамалар курулууда

IMG_7336Нарын облусунун Жумгал райнунун Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин депутаттарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, айылга аялдамалар курулду.

Аталган айылда айылдык кеңеш 11 мандаттуу депутаттан турат, учурда айыл өкмөтү менен бирдикте айылда кызмат кылышууда. Айылда ушу кезге чейин аялдама курулбай келген. Жергиликтүү жашоочулардын суроо талабы менен айдоочулардын туруктуу унаа токтотуу жайы жок болуп келгендиктен, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан 15 миң сомдук аялдама курулуп пайдаланууга берилди.

Биз элдин атынан элге кызмат кылабыз деп келген соң азда болсо да айылга бир салым кошуп турушубуз керек. Буюрса дагы алдыда көптөгөн пландарыбыз бар. Ушундай эле аялдамадан дагы курууну пландап жатабыз. «Айылдан чыккан инсандар, колунда бар адамдар демөөрчүлүк кылып колдоп беришсе, айылда дагы жакшы иштер аткарылат» — дейт айылдык кеңештин төрайымы Гулнара Калмаматова.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru