Айбат » Жумгалда 82 млн сомдук көпүрөнүн курулушу аяктап, ачылыш аземин күтүп келишет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда 82 млн сомдук көпүрөнүн курулушу аяктап, ачылыш аземин күтүп келишет

IMG_5790Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айыл аймагындагы Көкөмерен дарыясына курулуп жаткан Өрнөк жаңы көпүрөсүнүн курулуш иши бүтүп, жумуш аяктады. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Мирлан Шейшенов билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуп жаткан көпүрөнүн баштапкы каржылоо суммасы 82 млн 700 миң сом болсо, анын учурда бардык керектелүүчү каражаты кыргыз өкмөтү тарабынан которулуп берилген. Курулуп бүткөн көпүрөнүн үстүңкү катмарын түздөө жана смала төгүү, ошондой эле эки капталына тирөөч менен жөө адамдар үчүн тосмо орнотулган.

Көпүрөгө керектелүүчү тиешелүү ишкана тарабынан бардык тетиктер алынып келинип, иштер өз убагында аткарылды. Эми бул көпүрө, өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн кошо турган заманга жараша көпүрө болуп аткан соң курулушу жакшы деңгээлде бүттү деп ойлойм. «Жаңы көпүрөнүн ачылыш аземин жакын арада беребиз деп турабыз», — дейт айыл өкмөт башчысы М.Шейшенов.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru