Айбат » Сатыбалдиев Тажикстан менен толук өз ара түшүнүшүү болгонун айтты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Сатыбалдиев Тажикстан менен толук өз ара түшүнүшүү болгонун айтты

6761Кыргызстан менен Тажикстан экономикадан тартып чегарага чейинки маселелерде толук өз ара түшүнүшүүгө жетишти. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Дүйшөмбүдө өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн иш сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуусу тууралуу КРдин өкмөт башчысы баардык суроолордун спектри талкууга алынганын айтты. “Жолугушуунун соңунда тараптар толук өз ара түшүнүшүүгө жетишти жана келерки жылы Дүйшөмбүдө боло турган мамлекеттер аралык кеңеш, президент Алмазбек Атамбаевдин Тажикстанга жасай турган иш сапары тууралуу айтылды”, -дейт Кыргызстандын премьер-министри.

Анын айтымында, өткөндө Бишкекте болгон мамлекеттер аралык кеңеште жетишилген баардык макулдашуулар аткарылып жатканын тараптар баса белгилешти.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-августта өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Дүйшөмбү шаарына расмий иш сапар менен барган.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229310



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru