Айбат » Жалал-Абадда буудайдын түшүмү гектарына 28,4 центнерден айланууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Жалал-Абадда буудайдын түшүмү гектарына 28,4 центнерден айланууда

буудайҮстүбүздөгү жылы облус боюнча 146 миң 388 гектар аянтка ар түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрү айдап себилди. Жалпы эгилген аянттын ичинен 65 миң 410 гектар аянтын дан эгиндери түзөт. Бул тууралуу КРдин өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгүнүн экономика, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш секторунун башкы адиси Барчынбек Жантороев билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, андан 26 миң 15 гектар буудай, 29 миң 655 гектар дандык жүгөрү, 5 миң 184 гектар арпа, 3606 гектар күрүч, 950 гектар ар түрдүү дан себилди. Мындан сырткары 14052 гектар аянтка пахта, 231 гектар аянтка тамеки, 8037 гектар аянтка картошка, 10038 гектар аянтка жашылча, 3787 гектар аянтка коон-дарбыз, 19 миң 959 гектар аянтка май өсүмдүктөрү эгилди.

“2013-жылдын 13-августуна карата облус боюнча 26 миң 16 га буудай аянтынын 21 миң 245 га аянты орулуп жыйналды же 82 пайызга аткарылды. Түшүмдүүлүгү гектарынан 28,4 центнер болууда. өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк гектарынан 3,9 центнерден көп болду жана буудайды ооруп жыйноо иштерине 71 комбайн тартылган”, – дейт Жантороев.

Райондор боюнча алсак, Аксы, Ала-Бука, Токтогул райондорунда буудайды жыйноо иштери жүрүп жатат. Ал эми Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда толугу менен оорулуп жыйналып, 100 пайызга аткарылды.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru