Айбат » КТРК Кыргыз телеберүүсүнүн 55 жылдыгына карата ЖМК арасында мелдеш өткөрөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » КТРК Кыргыз телеберүүсүнүн 55 жылдыгына карата ЖМК арасында мелдеш өткөрөт

logo_TV_New_1Коомдук телерадиоберүү корпорациясы 2013-жылдын 24-25-август күндөрү Кыргыз телеберүүсүнүн 55 жылдыгына карата ЖМК өкүлдөрүнүн арасында спорттук мелдештерди уюштурууда, деп билдирет КТРКдан Абель Жусубакунов.

Мелдештер футбол, стол тенниси, шахмат жана бильярд боюнча болот. Жалпы сыйлык фонду 100 000 сомду түзөт.

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев, Кыргыз телеберүүсүнүн 55 жылдык мааракеси октярбдын аягында майрамдалат, деп билдирди.

Мелдештердин күн тартиби:

Футбол – 24-август саат 09:00до “Дордой” стадионунда

Шахмат – 24-август саат 10:00до “Алтын түйүн” окуу борборунда

Теннис – 25-август саат 09:00до КТРКнын имаратында

Бильярд – 25-август саат 09:00 до “PAVO” бильярд клубунда

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы 1931-жылдан башталат. Ошол жылы биринчи ирет Кыргыз радиосу ачылган. Ал эми 1958-жылы Кыргыз ССР Министрлер советинин алдында Радио жана телеберүү комитети уюштурулуп,Фрунзе телестудиясы 30-декабрда ишин баштайт. Анын биринчи төрайымы болуп Рабия Менсеитова дайындалган.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229379



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru