Айбат » Президент мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жарлыктын аткарылышын талкуулады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Президент мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жарлыктын аткарылышын талкуулады

алмазбек атамбаевБүгүн, 22-августта, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы президентке өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Ошондой эле, жолугушууда “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгынын аткарылышы, 23-сентябрда белгиленчү Мамлекеттик тилдин күнүн уюштурууга байланыштуу маселелер дагы талкууланды.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229386




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru