Айбат » Кадамжайда кургак учук күч алды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кадамжайда кургак учук күч алды

121299Кадамжай районунда 2013-жылдын 8 ай аралыгында кургак учук илдетине 70 адам чалдыккан. Бул тууралуу райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Келдибек Токтосунов билдирди.

Кыргыз Республикасынын “Калкты кургак учуктан сактоо” жөнүндөгү мыйзамына ылайык өкмөттүн “2013-2016-жылдарга кургак учук-4″ программасын бекитүү жөнүндө токтому иштелип чыккан. Кадамжай райондук администрациясы башчысы – акимдин буйругу чыгып, Кургак учук боюнча ведомстволор аралык райондук курамы түзүлгөн. Комиссия алгачкы отурумун өткөрүп, жугуштуу оорунун алдын алуу жагы каралып, тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Кадамжай райондук администрациянын маалыматы боюнча, район аймагында жалпы 607 адам кургак учук менен ооруйт.

Белгилей кетсек, кургак учук жугуштуу, коркунучтуу дарт.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229402




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru