Айбат » Бүгүн Чүй областынын айылдарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бүгүн Чүй областынын айылдарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт

выборБүгүн, 23-августта Чүй областынын Сокулук районундагы Фрунзе, Панфилов районундагы Орто айыл аймактарында өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт, деп билдирет Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы.

Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыcы П.Рахимов өзүнүн берген арыздарынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал эми Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн башчыcы Т. Молдокулов Кыргыз Республикасынын премьер-министринин буйругу менен Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалган.

Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыcы кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан Арфел Кушчубаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн башчыcы кызматына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан Алтынай Абдыраеванын, Эркин Арыковдун жана Максат Оторбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229417




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru