Айбат » Эрдине жараша мүнөзү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Эрдине жараша мүнөзү

1

Биз күнүнө помадабыз менен оозубузду бир нече ирет боёгонубуз менен аны кандай колдонуп жатканыбызга көңүл деле бурбайбыз. Бирок, окумуштуулар эндигине жараша аялдын мүнөзүн аныктоого эбак эле жетишишкен. Ага ылайык, бүгүн биз помаданын түсүнө жана колдонулушуна карата айымдын мүнөзүн аныктайбыз. Формасы боюнча Учтуураак. Эгер колдонулуп жүргөн эндиктин учу такай учтуураак болуп турса, анда айым өзүнө ишенимдүү келет. Ал дайыма эмнени каалаганын, сүйлөгөнүн жана кылганын билет. Бирок, бир аз майдачыл сапатка ээ. Өзүн шайыр алып жүрүп, келечекке үмүттүү карайт жана курчаган адамдар менен оңой тил табыша алууну билет. Мындай айым кайсы чөйрөдө болбосун көтөрүлүп отурууга жакын. Сүйүүдө болсо туруксуздук кылышы мүмкүн. Тегиз тегерек. Помаданын учун бир тегиз тегерек кылып колдонгон айымды уюштургуч, эмгекчил жана максатчыл деп билүү керек. Жаман жагы, ал таш боор келип, башка бирөө үчүн күйбөйт. Жашоодо талапты өзүнө кандай катуу койсо, башкадан да ошондой болууну талап кыла берет. Кээде бул айымдын тамашакөйлүгү жанда жок болот. Ал өзгөчө карьерада ийгилик жаратууга жана андан ырахат алууга жөндөмдүү. Романтикага кызыгып да койбойт. Формасыз. Эндигинин учун конкреттүү мүнөздөөгө мүмкүн болгон айым өзү да ошол сыяктуу тең салмаксыз болот. Ар бир майда баратка башын салып, аягында анын түйшүгүн тартууга жакыныраак. Бирок, эл көзүнө мындай түйшүкчүл экенин жашыруучу бет капчан көрүнүүгө болуп көрбөгөндөй жөндөмдүү. Ошол эле маалда анын өзгөлөрдөн башкача энергиялуу, бышыктык жагы бар. Көңүл ачууну, сулуулукту, романтиканы сүйөт. Учтуу. Ооз боёгучунун учу дайыма карандаш сыяктуу учтуу болуп турса, ал айым жашоодо өзүмчүл, куу жана эгоист келет. Ал башкаларга дайыма сын көз менен карайт, өзүн алардан жогору коёт жана башка адамдардын ою менен эч убакта эсептешпейт. Дос-курбу дегенден саналуу гана күтүүгө жөндөмү бар. Тил табыша алуудан мындай айым артта калган. Бирок, ал сүйүүдө туруктуу келип, жолдошуна идеалдуу аял болуп берет. Тегиз жалпак. Боёнуп жүргөн помадасынын учу тегиз жана жалпак болгон айымды оптимист деп айтуу керек. Ал жашоодо бетке чапкыч, түз жүргүч жана калп айтпагыч келип, реалдуу жүрүүнү жактырат. өзү курчаган адамдар менен мамиле түзүп кетүүгө абдан шыктуу. Турмуштун майда баратын көйгөй катары караганды жаман көрөт жана адамдарга басынбайт. Чечим кабыл алууда кыйналбайт, ошол эле учурда убадага бек болот. Кыйгач кыйшык. Эгер колдонууда болгон эндиктин учу кыйгач кыйшык болсо, анда ал айым жоопкерчиликтүү, иштиктүү жана окумуштуу чыгат. Анын дүйнөсү ойго жана идеяга бай. Кээде бул айым кыялга, фантазияга жана ойго чөгүп, реалдуу дүйнөдөн алда канча алыс кетиши ыктымал. Бирок, мунун жан дүйнөсү көпчүлүкКө түшүнүксүз келип, оор мүнөзү башка адам үчүн көтөрө алгыс болот. Ошентсе да максаттуу айым кыйынчылык менен түйшүктү жеңип, акыры кыялга жетет. Түсү боюнча Күрөң. өзүнө ишенимдүү жана бой көтөрө билген айымдын эндигинин түсү. Ал бул өңдү түстөрдүн эң жогорку катмарында турат деп ишенет жана өзүн коомдон жогорураак сезет. Мындай айымда өз алдынчалуулук аябай өнүккөн. Бирок саресеп салып көрсө, чындыгында ал жашоодо ийгиликтин жолунда же туу чокусунда жүргөн болуп саналат. Анын жумушу жетектөөчүлүк менен байланыштуу болот. Кочкул кызыл. Кочкул, бирок кишинин көңүлүн анчалык бурбаган кызыл өңгө жоопкерчиликтүү, бирок интеллекти төмөн жана сексуалдуулукка жакын айым кызыгат. Ал таш боорураак болуп, коомдун мүчөлөрүн жогорку жана төмөнкү тапка бөлүүгө эгедер. Бирок, аны анчейин сезимсиз деп айтууга болбойт, ал муну алсыздык катары санап өзүнүн бул сапатын жашырат. Сүйүүнү болсо кандай жол менен болсо да багындыра билет. Ачык кызыл. Шайыр, тамашакөй, артисттик мүнөзгө ээ айымдын түсү ушул. Ал сексуалдуу келет, бирок муну коомдон жашырбаганы үчүн туруктуу жолдош таба албайт. Ачык кызыл помадага жакын айымдын мүнөзү өзгөрмөлүү болот, ал кээде тез эле ажаан жана киши корко турган адамга айланышы ыктымал. А чындыгында, анын жан дүйнөсү жароокер, өзү түйшүкчүл, ал эми жашоосу жарды. Анын жашоодогу жеңиши – чынчылдык. Күлгүн. Адамга күлгүн түстүү помада сүйгөн айым жеңил ойлуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок, ал көздөгөнгө жетүүнү билген адам. Жашоодо утпаса, эч убакта уттурбайт. Жумшак көрүнгөнү менен кандай мүнөздөгү аял болбосун, тез эле ордуна коё билет. Кыйынчылыкты сабырдуу жеңүүнү, көйгөйдү туура чечүүнү ушул айымдан үйрөнсө болот. Жаманы, анын адамдык дүйнөсү турмуштан бир жолу сокку жесе, кайра калыбына келбейт. Идеалдуу жубай. Шабдаалы. Токтоо, сабырдуу, акылман жана туруктуу айым. Ал өзүнүн баасы кандай деңгээлде экенин жакшы билет, бой көтөрбөйт, ошол эле учурда курчаган адамдардан көз каранды болбойт. Мындай айымдын күйүмдүү дос-курбулары сансыз. Кызматтык карьерада бийик болууну эмес, иштин сапатын, мАңызын чыгара аткарганды жакшы көрөт. Сүйүүдө сыйга жана бийиктикке жетишет. Эң жакшысы, башканын терс сапатына күйүгүп терикпейт. Оранжевый. Мындай ачык түстү жактырган айымга турмушта жолдуу, кыйынчылык көрбөгөн жана оорчулукту көтөрө албаган деп баа берүүгө болот. Анын чынында интеллекти күчтүү келип, чыгармачылыкты, өнөрдү баалайт. Ийгиликсиз жашоого эч убакта жол бошоткусу келбейт. Терс жагы, тагдырдын соккусуна тез эле сынышы мүмкүн. Ал эми үй-бүлөлүк жашоодо көп учурда бактысыз калат. Финансы жаатында өтө эле эсепчил.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru