Айбат » Латын жазуусуна өтүүгө мезгил келдиби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Социалбет » Латын жазуусуна өтүүгө мезгил келдиби?

1

Tursunbay Bakir Uulu Кымбаттуу ага-инилерим жана эже-карындаштарым, биз түрк элбизби?! Түрк элбиз! Туурабы?! Цивилизациялуу дүйнө менен интеграцияга умтулуп атабызбы?! Умтулуп атабыз! А цивилизациялуу дүйно кириллицаны же латиницаны колдонобу?! Ооба, латиницаны! Көз карандысыз түрк мамлекеттер жакындашуу жана биригүү жолдорун издеп жатабы?! Издеп жатат! А жакындашуу үчүн орток тилди иштеп чыгып атабы?! Иштеп чыгып атат! А ошол орток тил кайсы алфавиттин негизинде түзүлүп атат?! Туура, латиницанын негизинде! А ошол түрк тилдүү өлкөлөрдүн алфавиттери кандай?! Түркия, Түркменистан, Азербайджан жана Өзбекстан – латиницада! А Казакстан латин алфавитине өтүү боюнча Президенттин указы кабыл алынган! Ошондо четте ким калып атат?! Бир гана байкуш Кыргызстан! Силердин оюңар боюнча биз Оруссиянын түбөлүк куйругу болуп жүрө беришибиз керекпи?! А акчага шилтелебегиле! Эч ким 1-2 жылда латин алфавитине өтөбүз деген жок! Бирок ал жөнүндө мыйзам кабыл алышыбыз керек! Ошол мыйзамды мен жазышты баштадым!Начало формы

Данияр Алибеков Мектептен баштоо керек го, анан акырындык менен баары болот. Орус тилине статус берүү маселесин да карап көрсөңүз.

Guzel Osorova Оо кудай ай бизге өзүбүздүн альфавитибиз эле жакшы, анын зыянын көрбөдүк. Андан курч маселелер төгүлүп жатат. Ооба чек ара маселеси качанга чейин карапайым азап тартат ушул маселеде. Кичине ойлонуп иш кылсаңыздар жакшы болмок. Таң калам жана зээним кейийт.

Эркин Асанов Өтүүнүн эч кандай пайдасын көрбөйбүз. Мындан да маанилүү нерселерди чече аласыздарбы?

Guzel Osorova А Орусияны ээрчип келсек, жамандык көрбөдүк. Элибизди ,биздин мамлекетти баккылачы анан ээрчибей калалы. Бизди баккан да канчасын турмушун оңолткон да Орусия болуп жатпайбы?! Бир аз орчунду, канчасын кан жуткузган маселени көтөргүлө.

Эркин Асанов Ички чыр-чатактарды, куралдуу күчтөрдү, өздүк саясатты жана саясатташтырбоону чече алышыбыз керек го…

Guzel Osorova Латынбы? Криллцабы? Бары-бир орусча сүйлөп орусча жазасыздар. Жашооңуздардын 70-80% орусча дагы, орусияны ээрчибейли дегени кантет. Биринчи нукура кыргызча сүйлөп анан өткүлө.Эх, бирөө кыйынчылыктан кан жутуп өлөмүн десе, бирөөлөр жыргап күлөмүн дегендей го.

Erkin Alimjanov Биз түрк эли эмеспиз. Биз кыргызбыз. Адашпагыла! Алар биздин тилде сүйлөшөт. Же байыркы кыргыздар башкача сүйлөшөт беле?

 

Тимур Козукулов Ийгилик жаны баштаган ишиңизге. Бул өтө эле кечигип кетти. Эч болбосо кеч болсо да, жасалуусу керек!

Guzel Osorova Ушул бийликте нечен жыл кызмат кылгандардан көрө мен да мекенди кобурок ойлоп,кобурок маселелерге ойлоном ха аларга мансап,байлык кичине тазарак жургулочу ислам,намаз,хадис,шарият дегениңер бир пул кылган ишиңер алдыда мойнунарга алгула ачуу чындыкты.

Эшимбек Кадырбаев Менин оюум саал башкачараак, биз өзүбүздүн Орхон-энесай жазуусуна өтсөк кандай болот. Өзүбүздүн жазуу го акыры?

Сулаимантоо Музей Эң туура көйгөйдү тандагансыз, бирок, азыркы учурда мынданда көйгөйлүү маселелер турат. Ушуну чечип бериңиздерчи сураныч. Түштүк батыштан тажиктер жерибизди ээлеп келе жатышат, түштүктүн өзүңөн өзбектер жерлерди ээлеп келе жатышат. Кудай сактасын, бирок, ушул темп менен кетсе 5-10 жылда түштүк Кыргызстандын 40-50%  ээлеп алышат. Ушул маселени чечип бериңиздер латын тилине өтүүгө шашылып жатып жерибизден айрылып калбайлы.  Бул маселелни чечүүгө биргеликте аракет кылалы сураныч.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru