Айбат » Кайырчылардын артында кимдер турат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Социалбет » Кайырчылардын артында кимдер турат?

кайырчыUlanbek Egizbaev

Азыр көчөдөн “Жолго 10 сом берип койчу, нанга акча жетпей жатат” дегендерди негедир көп кезиктире баштадым. Алакан жайып жалбаргандардын көбү тилекке каршы алты саны амандар. Кайырчылар ушунча кара бетине алып алганбы, айтор мурда көчөлөрдө, жол алды өтмөктөрдө, базарларда отурса эми үйлөнүү үлпөтүнө чейин келип акча сурап калышыптыр. Өткөндө бирөөлөр үйлөнүп жатса арасында эки кайырчы жүрдү. Эми эки жаш жетине албай жакшылыгын видеотасмага тарттырып жатса арасында балдарын көтөрүп алып жалбарган аялдар жүрсө кызыктай эле көрүнөт экен. Анан да алардын катарында кыргыздар басымдуудай. Же эмне кайырчылар ушунчалык жандим болуп, догурунган жашоого ыктап алышканбы?.Начало формы

Beksultan Toktosunov Этият бол Улан! Булардын көбүнүн “крышасы” бар. Тилемчилер баардык жакта эле бир система менен иштешет. Жөн жер алдындан өткүч(подземка) отургандардан көп бир нерселер сураштырып баштасаң керек болсо милициялар келип эмне болду деп сурашат. Сага чейин дагы бир орус журналист кылган эле иликтөө. Анын айтымында балдар өзүнүкү эмес, жетимдер үйүнөн сатып алышкан деп иликтеген. Алар байкасаң көп дагы ыйлашпайт. Өзү кичине бала суукта же күндө көп туруп калганда ыйлашы керек. Тилемчилердин колундагы балдар болсо ыйлашпайт. Орус журналисттин айтымында аларга арак же баңги заттан берип коюшат экен, тынч жатсын деп. Эмнеси болсо дагы этият бол. Бул иштердин аркасында күчтүү мафиялар болот. Тилемчилик дүйнөө боюнча баңги зат сатуу, сойкулука окшогон өтө оңой жана өтө көп киреше алып келген “бизнес”. Адамдар кичинекей бала менен аялды көрсө эле боору эмес жүрөгү ооруп колундагы акыркы нерсесин карматып коёун дейт. Турцияда ачкамын деп плакат жазып отурган алты саны аман эле болгон бир тилемчи балага акча бербей, бир сендвич менен суу алып барып берсем албай койгон жаман көзү менен карап.

Aijan Satybaldieva Чын эле мен да көп жолуктурам, көбүнчөсү кыргыздар. Алма-Ата/Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде кыргыз жаш эжеке баласы менен автоунаалардан кайыр сурап турат , Аламүдүн 1 кичи-районунда, Жаңы автобекет жакта дагы бар…

Жылдыз Жалиева Улан андайлар Дордой базарында дагы көп. Айрымдары чын эле ал нерсеге муктаж болсо кээ бири, ошентип акча табуунун жолуна өткөн. Атайын балдар үйүнө деп да кийим-кече сурап келишет. Чын эле ошондойбу же калп эле алдап алышабы белгисиз? Сага кеңеш ошол жакка дагы келип анализ жүргүзсөң болот. Кааласаң жардам берүүгө аракет кылайын.

Жамайка Токонова Мындай тилемчилер азыр жаандан кийинки козу карындай эле, баш айлантып, баскан турган жеринде жүрүшөт. Жумушка жарабагандар кайыр сурап отурса дагы иий дейбиз го, а бүгүнкү күндө тилемчиликти кесипке айлантып, бекерчилик менен тамак тапкандарга таң берип бүтпөйбүз… Кудай сактасын дегенден башка эч нерсе дей албайбыз…

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru